Футболчу жана ырчы МИШЕЛЬ ТЕЛО

АККОРДЕОНДО КОЛ ОЙНОТКОН МИШЕЛЬ ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Мишель Тело
Туулган жери – Бразилия, Медианейра шаары
Туулган жылы – 1981-жыл, 21-январь
Өзүнө берген мүнөздөмөсү – «Абдан бактылуумун!»
Адамдардагы баалаган сапаты – Чынчылдык
Сүйгөн спорт түрү – Футбол
Кыялы – Картайганга чейин ырдоо
Эсинде калганы – Алгачкы концерттик турнеси
Корккону – Жакын адамынан айрылуу
Ойногон аспабы – Аккордеон
Аткарган хит ырлары – «Ai Se Eu Te Pego», «Ваra-Bara» жана башкалар

«ЛАМБАДА», «МАКАРЕНА», ЭМИ «НОССАГА» БИЙЛЕЙБИЗ
Бразилиядан акыркы он жылда эл аралык популярдуулукту арттыра алган саналуу гана инсандардын ысымдарын билебиз. Алар биз билген модель Жизель Бундхен, футболчулар Роналдо жана Рональдиньо боло алды десек жаңылышпайбыз. Жогорудагы атактуу бразилиялыктардын тизмесин учурда Мишель Тело аттуу ырчы толуктап турат. Анын алгач интернетте хитке айланган «Ai Se Eu Te Pego» («Ах, мен сени кармаганымда...») ыры эми бүт дүйнөнү каптап, ар бир бий аянтчасында коюлуп турган чак. Убагында бразилиялыктардын «Ламбада», «Макарена», «Самбасына» бийлеп келсек, эми «Носса-носсага» ("Вау-вау") бийлей баштадык. Ал Мишелге баш айланткан популярдуулукту белек кылды. Жастин Бибер басып өткөн жолду кайталап, ааламга белгилүү болгон интернет жылдызы Мишель Телонун жогорудагы хит ырынын клиби 400 миллион жолу көрүлгөн видеолордун катарында. Бул ырчы жигиттин атагын ого дейре ашырган анын жылдыз күйөрмандары көп. Сап башында «Ai Se Eu Te Pego» ырынын "үгүттөөчүсү" атка конгон «Сантос» клубунун футболчусу Неймар болсо, теннисчи Рафаэль Надаль «Девис» кубогунун финалында жеңишке жеткенде эмоциясын жашыра албай ушул ырга бийлеген. Дагы бир футбол жылдызы Криштиану Роналду «Малага» футбол клубуна гол киргизгенде бул ырдын «коронный» бийин оюн талаасында бийлеп сүйүнүчүн чыгарып алганын билебиз. Мишель менен футболчу Неймар биргеликте аталган ырды дуэт ырдап чыккандан кийин чыгарма футбол күйөрмандарынын гимнине айланып кетти.

ФУТБОЛСУЗ ЖАШОО КЫЗЫКСЫЗ
Мишелдин ата-энеси чакан нан бышыруучу жайдын ээси. Үй-бүлөдө 3 бир тууган, өзүнөн улуу 2 агасы бар. Ырчы мектепте окуп жүргөндө музыкалык ийримге катышып, хордо ырдачу. Алгачкы жолу 1989-жылы гитаранын коштоосунда жалгыз ырдап чыккан. 10 жашында атасы ага аккордеон белек кылып, анда ойногонду Мишель бат эле өздөштүрүп кетет. Тело 16га чыкканда «Grupo Tradicao» тобуна кабыл алынып, ошондон кийин ырдоо чеберчилиги биротоло калыптанат.
«Бразилияда футболсуз жашоо кызыксыз» деген кепти далилдеген Мишель 2000-жылы «Avai» футбол командасына кирет. Улуттук лигада ойноп 11 гол киргизип, дароо эле сезондун бомбардири болгонго жетишкен. Бирок анын музыкага болгон сүйүүсү футболдон да күчтүү белем, ал кайра келип ырчылык жаатта топтогу карьерасын улантат. «Grupo Tradicao» тобу бразилиялыктарга гана таандык сертанежу жанрында мыкты ырдаган эң популярдуу топ болчу. Жогорудагы ири ийгиликтерден кийин Мишель жеке карьерасы менен кеткенге аракет кылат. 2008-жылы ырчы топтон кетип, 2009-жылы «Balada Sertaneja» аттуу студиялык альбому жарыкка чыгып, ырлары хит-параддардан түшпөй, радиодо эң көп угулган.

"АХ, МЕН СЕНИ КАРМАГАНЫМДА..."
Чыныгы уу-дууну жаратып, ырчынын багын ачкан "Носса-носса" ыры экенин билебиз. Футболчу Неймардын чечинүүчү бөлмөдө аталган ырга бийлеп жаткан видеосу бар эле. Интернеттеги ошол видеодон кийин жогорудагы ыр көпчүлүктүн көңүлүн бурдура баштаган. Кыска убакыттын ичинде феномендүү интернет жылдызы Мишель аталган ыры менен Америка континентин багындырып, Европаны каптап кирет. Атын ааламга тааныткан хит ырын Мишель англис тилине которуп, башка вариантта клип тартканга үлгүрөт. Ырчынын жакынкы планы – Европа өлкөлөрүн кыдырып, «Michel na Balada» аттуу жаңы альбомун жайылтуу максатында концерттик турун өткөрүү.

МИШЕЛДИН СҮЙГӨНҮ «КЛОН» СЕРИАЛЫНДАГЫ ТЕЛЬМИНИЯБЫ?
2008-жылы Мишель тиш дарыгери Анна Каролинага баш кошкон. Тилекке каршы, экөө көптөгөн ушак-айыңдардан кийин эки айрым жолго түшүштү. Ушул жылдын 12-февралында ырчынын жубайы социалдык тармактардын бирине «Мишель экөөбүз ажыраштык» деген билдирүүсүн калтырып кеткен. Сыягы, Мишель жөн жерден жубайы менен ажырашпаган. Анткени папараццичилер аны актриса Таис Ферсоза менен («Клон» сериалындагы Мэлдин курбусу Тельминия) клубдарда, эс алуу жайларында кыз-жигиттерче жүргөнүн көз жаздымында калтырышкан эмес. Анан да актриса туулган күнүн Телонун концертинде тосконун жана анын ата-энеси менен таанышканын жашырбай эле айтып жүрөт.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aliia
2012-08-11 23:26:35
daa pesnya klassnaya, s mesta sdvinet kogo ugodno dumayu.
0
BeFriCom
2012-08-18 19:44:03
А че в газете написали НЕЙРА? место неймара???
0
AGAT
2012-08-20 10:41:48
BeFriCom, Рахмат, катачылык кеткен жана түзөтүлгөн.
0
№ 509, 3-9-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан