Жагымдуу жүзү, үнү менен эл көзүнө илинген диктор Лунара Мамытова бир жылга сүйүктүү ишин токтотуп жатканын маалымдады. Тактап айтканда, Лунара эмгек өргүүсүн узартып, бул убакыт аралыгында баласы менен үйдө отурууну чечиптир. "Анын үстүнө жолдошум Ошто иштеп жаткандыктан, үй-бүлөм менен чогуу болууну чечтим",- дейт тележылдыз.