Кыргыздын кара көз, керме каш, кымча бел, марал басык сулуулары, кулагыңарга күмүш сырга! Гезитибиз жылда өткөрүп келген “Супер сулуу” сынагы жакында старт алат. “Супер сулуу-2012” наамына ээ болуп, кыштын кычыраган ызгаарында саякатка чыгып, экзотикалык өлкөлөрдүн биринде эс алып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну кааласаңыз, анда түз эле редакциябызга кайрылыңыз. Болгону, сулууларга 17 жаштан 25 жашка чейинки жаш курак, келишимдүү келбет, 165 сантиметрден жогорку бой талап кылынат. Чамдагыла, сулуулар!
Айсулуу Өмүралиева,
"Супер сулуу-2011" сынагынын жеңүүчүсү.