Ар бир кесип ардактуу. Айрыкча эркектерге ылайыктуу кесипти айымдардын өздөштүрүүсү мактоого татыктуу. Борбор калаабыздын негизги көчөлөрүндө жол эрежелерин көзөмөлдөөгө айымдар да туруп калганын байкасаңыз керек. Кээ бир айдоочулардын “кыздарга кармалсаң өлдүң, пара да алышпайт экен” дегенин угуп калабыз. Мына ушундан улам МАИчи айымдар тууралуу изилдеп көрүүнү туура таптык.
Ооруканага шашканына карабай токтотуп...
Алгач сапарыбызды Совет–Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги (57-аймактагы) Дамира аттуу МАИ кызматкери менен эртең менен саат 7де таанышуудан баштадык. Дамирадан кесибине байланыштуу “позывной”, башкача айтканда, чакыруу аттары болорун билдик. Биздин каарманыбыздын кыскачы аты «902» экен. Дамирадан саат 6.30да МАИ кызматкерлери үчүн тизилүү (построение) болуп, көчөлөргө бөлүштүрүү болгонун уктук. Иш учурунда эки көзү жолдо болгон Дамира биздин суроолорубузга ошол калыбында жооп бере баштады.
– Дамира, баары эмнеден башталды? Эмне себептен бул кесипти тандап калдың?
– Бир чети балалык кыялым ишке ашты десем жаңылбайм. Муну айтканымдын себеби алгач мен башка окуу жайды бүткөм. Ал эми ИИМ Академиясына кийин тапшырдым. Буюрса, жакында диплом алам. Бул кесипке иштегениме бир жылдан ашып калды. 2008-жылы августта сынак жарыялаганын угуп барып, анан көп кыздардын ичинен тандалып өтүп кеткем.
– Үйбүлөңүз жактан кандай көз караштар болду?
– Эми аялзатынын эркектердин жумушун аркалаганына көптөр каршы болушат да. Башында мага деле бир топ каршылыктар болду. Кыргыздарда аш-той деген нерселер көп болот эмеспи. Андай жерлерде мендей келиндер кызмат өтөшөт. Мен бул жумушка киргени аш-тойлорду токтоттум. Менин ордума кызым же уулум барат. Анан, албетте, мындай учурларда пикир келишпестиктер болбой койбойт.
Аңгемебиздин ушул жерине келгенде бир айдоочу тартипти бузуп калды. Таякчасын бийик көтөрүп, жол жээгине токтогон машинанын ээсинин документтерин текшерүүгө өттү. Тиги киши “эже, мен ооруканага шашып бараттым эле” деп актанганына кыска гана “мен дагы өз милдетимди аткарып жатам” деп жооп берип, айыбын жазды да жолго салды.
– Дамира, тиги айдоочу абдан кыйылып суранды го...
– Бир күндө көздөрүн жылтыратып миңден ашыгы суранат. Бул жерде биз абалга да карайбыз. Мисалы, кээ бирөөлөргө эскертүү берилет. Кээ бирлери эч документин көрсөтпөй эле акчасын сунуп калышат. Бирок биз акчага алданбайбыз. Барып квитанция менен айыбын төлөп, айдоочулук күбөлүгүн алуудан эринишет. Парага берген акчасынан квитанцияга төлөнчү акча аз да.
Айым МАИ кызматкерлерин калаабыздын негизги көчөлөрүнө коюп жатышынын эң биринчи максаты – коррупция менен күрөшүү.
– МАИ кызматкери болуш үчүн өзгөчө талаптар коюлса керек...
– 170 сантиметрден өйдө бой, шамдагайлык, жол эрежелерин мыкты билгендик, машина айдаганды билүү керек. Мындан тышкары, негизги талаптардын бири – адамдар менен тил табышып сүйлөшө алуу жана ар кандай кырдаалдарга даяр болуу. Мисалы, кээде өзүңдөн жаш же атаңдай болгон адамдар эле коркутуп- үркүтүп, сөгүп кетишет. Аялзаты табиятынан назик келет эмеспизби, көз жашыбыз тез эле даяр болуп калса да, жумуш маалында мындай назиктикти унутууга аракет кылабыз. Ошентсе да үйдө аял катары назик болууга аракеттенебиз.
– Жолдошуңуз кызганчаак эмеспи?
– Кызганыч болбой койбойт. Кээде андан кеч барып калам үйгө. Бирок жолдошум мени түшүнө билет. Негизи, азыр борбор калаа боюнча МАИчи айым кызматкерлеринен 20 болсок, экөөбүз эле үйбүлөлүүбүз. Бойдок кыздарга жеңилирээк болуш керек деп ойлойм. Буларды айтып үлгүргөн Дамира “туура эмес жерден бурулду” деп таягын бийик көтөрүп, жолдун чекесин багыттай шилтеп калды.
Айып үчүн гүлдесте
– “Разворот” дегениңиз кандай?
– Эки сызык (двойная линия) турган жерден бурулду. Көбүнчө ушундай тартип бузуу менен кармалышат. Азыр көпчүлүк адамдар жол эрежелерин билбей туруп эле машина айдай беришет. Айдоочулук укукту сатып алышат да.
– “Бир күн бир күнгө окшошпойт” дегендей, кээде “сюрприздер” болуп кетеби?
– Бир жолу машина токтоп, айдоочу чоң гүлдесте көтөрүп келип сунуп калды. Көрсө, бир жолу бул адамды токтотуп, айып салыптырмын. Мына ушундай жагымдуу окуялар деле болот.
ххх
Ушундай тапшырма болгонбу, айтор, Дамира ар бир өткөн таксилерди токтотуп патенттерин текшерип жатты. Ушул учурда бир таксини токтотуп, ага барып документин текшергиче жол чырактын кызыл жарыгынан Мерседес үлгүсүндөгү машина Дамиранын ышкырып, таягын шилтегенине карабай өтүп кетти. “Көп узабайсың” деген Дамира кийинки посттогулар менен дароо рация аркылуу байланышып, машинанын номурун, үлгүсүн айтканга жетишти. Биз бул жерде жол эрежесин бузган машинанын кайсы маалда номеринен өйдө байкап калганына таң кала түштүк. Түшкө чейин, негизинен, 20-25 таксисттердин патенти текшерилсе, 6 айдоочу туура эмес токтоп калганы үчүн эскертүү алып, 5-6 айдоочуга ар кандай жол эрежелерин бузганы үчүн айып жазылды. 2 айдоочунун машинасынын терезелериндеги караңгылаткычы сыйрылып, айып төлөштү.
Ушинтип билинбей түштөнүү убактысы да келип калды. Саат 11.00дөн 12.00гө чейин убакыт берилет экен.
Тамактанып болуп кайрадан ишке киришкен каарманыбыз жагымсыз окуяга кабылды. Эл ташып бараткан маршруттук таксиден озуп өтүп, чымын-куюн болуп келе жаткан машина бир заматта «кайырмакка» түштү. Жолдун четине токтогон машинага басып барып саламдашып, айдоочунун документтерин сураган Дамирага айдоочу машинасынан түшпөй, “колуңдан келгенин кылып ал” дегендей түр көрсөттү. Айым экинчи ирет кайрылганда акча сунуштай баштады. Буга таптакыр каршы болгон соң каарманыбызга “мен тиги чоңдун баласымын” деген акыркы шылтоосун айтты. Бирок Дамираны миң түркүн шылтоо менен алдай албасын билген айдоочу акыры айдоочулук күбөлүгүн алдырып, айып төлөөгө мажбур болду. Биз каарманыбыз Дамирага ичибизден ыраазы болуп, “жерибизде ушинтип коррупция азайса кана” деп ойлонгон бойдон жолубузга түштүк.
МАИ кызматкерлеринин колдонгон буюмдары
Милдеттенмелеринен
МАИчи айымдардын өзгөчөлүктөрүнөн
Бахияна Сатылганова
koom@super.kg