“Кыз-Бурак” командасы жакында Орусиянын Красноярск аймагында өткөн Азия жана Тынч океан өлкөлөрүнүн үчүнчү музыкалык фестивалына катышып келди. 19 мамлекет катышкан бул ыр майрамында мекендештерибиз эл сүймөнчүгүнө ээ болгон 7 өлкөнүн катарына илинип, атайын диплом менен сыйланышты. Ал жети өлкөнүн ичинде Кыргызстандан сырткары Кытай, Түркмөнстан, Индия, Тыва, Түштүк Корея бар. Айта кетсек, бул фестиваль, болгону, 3-ирет өтүп, ага Кыргызстан биринчи жолу катышты.