"Кыргызфильм" киностудиясы этноакын Тата Уландын "Ассалому алейкум" аттуу ырына тартылган клипти берүүлөрдөн алып салууну талап кылып, "эгерде муну аткарбаса, сотко чейин барабыз" деп доомат артууда. Чырдын негизги себеби – анын аталган киностудия тарабынан тартылган “Кыргызстан – Азиянын жүрөгү” аттуу видеороликтин кадрларын уруксатсыз колдонгондугунда. Бул ролик премьер-министр Өмүрбек Бабановдун буйругу менен режиссёр Таалайбек Кулмендеев тарабынан тартылган. Бул тууралуу билүү үчүн Тата Уланга байланышка чыгып, таба албадык. Биздин сайтка бул клибин берерде ал "мен алыска сапар тартып жатам" деген болчу. Демек, Улан өзү деле кабардар боло элек окшойт.
Ал эми чырлуу бул клипти биздин www.super.kg сайтыбыздан көрүңүздөр.