Ырчы Токтобүбү Черикчиеванын кыргыздын комузун чертип, обонун созгонуна 30 жылга жакын болуптур. Кейитчү жагдай, эжекебиз 15 жаштан баштап филармонияда иштеп, кыргыздын күүсүн, ырларын даңазалап келатканы менен, эмдигиче наам ала элек. Мынча жыл мамлекетке иштегенди мындай кой, ойду-тоону ырдап, аспапта ойногонду билбеген ырчылардын "Эмгек сиңиргени" канча? Токтобүбү айымдын ырлары, маектери качан да гезитибизге жарыяланбасын, окурмандар тарабынан кызуу талкууга алынат.