Турмушка чыкканына аз гана убакыт болгон “Көк салкын” тасмасындагы актриса Кымбат Асизованы эми киного тартылбайт деп угуп, жолдошу клипмейкер Эрнист Сыдыков экөөнү кыска маекке чакырдык.
– Кандайсыңар, куш бооңор бек болсун! Үй-бүлөлүк жашоо кандай?
Эрнист: – Рахмат. Жакшы, кызыктуу өтүп жатат. Кечинде келсем, кийимим жуулган, тамагым даяр. Үйлөнө элегимде эмне кыларымды билбей эле жата берчүмүн, азыр жанымда Кымбат бар дегендей (күлүп).
Кымбат: – Эрнисттин бир туугандары жалаң эркек балдар, а менин бир туугандарым жалаң кыздар болчу. Анан салттарыбызда да өзгөчөлүк бар экен. Кайнилеримди “эй, бала, уй, бала” деп атаган мага орой угулуп, көнбөй жүрдүм. Ал тургай кайнене-кайнатамды ата, апа деп бир ай дегенде араң айттым.
Э.: – Ооба, апам менен Ысык-Көлдө жүрсөм, сүйүнүп алыптыр, "мени Кымбат апа деди" деп. Туугандарга, таенеме телефон чалып мактанып жаткан, "келиним мени апа деди" деп.
– Кымбат, таң эрте туруп короо шыпырып жатсаң керек?
К.: – Ооба, мага короого суу чачып шыпыргандагы чыккан жыт жагат.
Э.: – Бул короо шыпырса, берилип, орус кошуналардын короосуна чейин кирип кетет (күлүп).
– Эрнистти да тергейт окшойсуң...
К.: – Жок, башынан эле көнүп калгандай, Эрнист байке дейм.
– "Эми Кымбат кинолорго тартылбайт экен" деп угуп калдык...
Э.: – Мен үйдөгүлөргө актриса кыз менен сүйлөшүп жатканымды айтканда эле алар “болбойт, токтот аныңды” дешкен болчу. Кымбатка түшүндүргөм, мындан кийин киного тартылбайт деп чечкенбиз. Өзү бул сунушка макул болгондон кийин гана баш коштук. Мен тарткан клиптерге гана тартылышы мүмкүн. Ал эми Голливуддан сунуш түшсө да, киного тартылбайт.
К.: – Калп эле “строгий” киши боло бербечи (күлүп). Мен актрисалык кесипке окуп жаткандан кийин, албетте, окуумду уланта берем. Бирок мага жакшы шарт түзүп, салон ачып берсе, анда актрисалык кесипти таштайм.
– Кимиңер көбүрөөк кызганасыңар?
Э.: – Кымбат көп кызганат, клиптеги сулуу кыздардан. Алар аткара албай жатышса, ар кайсыны айтып эркелетип, анан тартам да. Монтажга отурганда эле Кымбат жаныма келип алып кызганганын баштайт... Анан да Данияр Эрматов менен такай чогуу жүрөм. Ага телефон чалып, “менин Эрнистимди каякта алып жүрөсүң?” деп жаман көрө берет.
К.: – Эрнист деле кызганчу, кыз-жигит болуп жүргөндө. Мунун айынан канча телефон номеримди алмаштырдым, ар кайсы бала чала берип... Агентте азыр бир да дос балам жок, баарын өчүрттүргөн.
Лунара Бекиева
star@super.kg