Өлкөсү – Кыргызстан
Жанры – Драма, боевик
Режиссёру жана сценарийин жазган – Айбек Дайырбеков
Продюсери – Съездбек Искеналиев
Сүрөтчүсү – Орозбай Абсатаров
Композитору – Эркин Мээрканов
Ролдордо – Съездбек Искеналиев, Сакын Карабаев, Эмил Борончиев, Садыр Сагынбаев жана башкалар
Урааны – “Айтылган сөз – атылган ок”
Тасманын узактыгы – 1 саат 30 мүнөт
Бет ачары – 3-май, 2012-жыл
Бюджети – 25 миң доллардын тегереги
БАЛДАР ҮЙҮНДӨ ӨСКӨН АМАНАТ
Аманат 2 жашынан баштап балдар үйүндө өскөн. Ал сыртынан турмуштун запкысын тарткан, ойчул, олуттуу көз караштагы адамдай көрүнчү. Анткени турмуш аны тегирмен ташынан көп өткөргөн. Аманаттын ишенгени, бүркөлгөн кабагын жазган бир гана сүйүктүүсү Элиза болчу. Бирок Элизанын ата-энеси да Аманатты теңсинбей, кызы менен болгон мамилесине каршы чыгышат.
Сүйгөнүнөн ажырап, кыйналып жүргөн кезде Аманат ата-энесинин көзү тирүү экенин билет. Ошондон баштап анда “ата-энемди табам” деген чоң үмүт пайда болот. Көрсө, Аманат шаардагы белгилүү криминалдык чөйрөнүн авторитети Хандын жалгыз уулу экен. Окуянын жүрүшүндө көп жылдардан бери чет жерде жүргөн Хан шаарга келип, уулу менен аялын таап, тасма соңунда душмандарынын колунан курман болот.
ИШ ПРОЦЕССИНДЕ...
Фильмди тартуу иштери ызгаардуу январь айында башталгандыктан, кыштын суугу чыгармачыл топту бир топ эле жүдөткөн. Суук аба ырайынан тажаган кино жаратуучулар тартуу иштерин жаз айларына жылдырсакпы деп да ойлошкон.
Фильмде 90-жылдар сүрөттөлгөндүктөн, ошол жылдарда курулган үйлөрдү тартууга туура келген. Аманаттын ата-энесинин үйүн Жайыл районундагы айылдардын биринен, бүтүп-бүтпөй калган имараттарды Бишкектеги конуштардан тартышкан. Каармандардын атышуу учурунда куюлган жасалма кан атайын буйрутма менен алынып келинген. Мындай канды Голливудда да кино тартууда колдонушат.
Тасманын продюсери жана башкы каарман Аманаттын ролундагы Съездбек Искеналиев:
– “Съездбек “Боз салкында” жакшы аткарды эле, мунусу кандай чыгыптыр?” деп кызыгып келгендер да болду. Жашоодо жайдары, шайыр болгондуктан, мүнөзүмө такыр туура келбеген, жашоого пессимисттик көз караш менен караган, оор басырыктуу Аманаттын ролун аткаруу кыйын эле болду. Кейипкеримдин образын татыктуу ачып берүү үчүн мага атайын мастер-класс өтүшкөн. Жыйынтыгы көңүл жылытарлык эле болду го деп ойлойм.
– Эсте калган эпизод...
– Фильмдин аягында Хан каза болгон үй тааныштарыбыздын жаңы курулган үйү эле. Ханды атканда актёр алаканындагы кнопканы басып, анан кан куюлуп кетмек. Тартуу учурунда ошондогу атылган кан терезеге, пардага, дубалдарга чачырап, катуу атылып кеткенинен актёрубуз да жабыр тарткан. Биз чыгармачыл топ менен үйдүн залына чачыраган боёкту тазалап жүрдүк. Ушул эпизод өзгөчө эсте калыптыр.
Лунара Бекиева
star@super.kg