Казакстандык укук коргоочу Александр Осадченко Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевден саясий баш паанек сурады. Казак укук коргоочусу өз өлкөсүндөгү куугунтуктоо ишине байланыштуу кыргыз бийлигинен жардам суроого аргасыз болгон. Бул тууралуу 2-августта Осадченконун расмий өкүлү Ксения Филимонова билдирди. Анын айтымында, президентке кат жөнөтүлүптүр. “Каттын жообун 10 күнгө чейин күтөбүз. Ал Караганда облусундагы белгилүү укук коргоочу болуп эсептелет” дейт.
Эске салсак, Осадченко буга чейин Приозёрск шаарынын 2 прокурорунун, полиция башчысынын жана бир катар сот аткаруучулардын кызматтан алынышына себепчи болгон. Бул укук коргоочу Балхаш көлүнүн булгануусуна каршы күрөшүп келет.