ЗУЛЬФИЯ ЧИНШАНЛО
Оор атлетчи.
1993-жылы 25-июлда Кыргызстанда төрөлгөн.
Улуту – дуңган.
Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону ("Коян-2009", "Париж-2011").
"Лондон-2012де" алтын медалдын ээси.
МАЙЯ МАНЕЗА
Оор атлетчи.
1985-жылы 1-ноябрда Токмок шаарында төрөлгөн.
Улуту – дуңган.
Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону ("Коян-2009", "Анталия-2010").
"Лондон-2012де" алтын медалдын ээси.
"Лондон-2012" Олимпиадасында Казакстан чү дегенде эле 3 алтын алып, Орусияны артка таштап сенсация жаратты. Бирок дүйнөнү Казакстан эмес, өлкөгө веложарыштан кийин 2 алтын апкелген оор атлетчи кыздар Зульфия Чиншанло (53 килограмм салмакта) менен Майя Манеза (63) кызыктырууда. Ич ачышса да сыймыктана айтып коюшубуз керек, аты аталган 2 кыз Кыргызстанда төрөлгөн. Экөө тең кийин ата-энелери менен Кытайга көчүп кетип, спорт менен таанышкан. Зульфия 2007-жылы, ал эми Майя 2009-жылы Казакстандын курамына кошулган жайы бар. Зульфия дүйнө биринчиликтеринин тарыхында эң жаш чемпион катары (16 жаш) "Гиннестин рекорддор китебине" кирген. Мына, кыргыз таланттуу спортчуларды колдой албай, чет элге тарттырып жатканынын дагы бир мисалы. Бир чети ойлойсуң, пайда чыккан жерден кол үзбөгөн кытайлар алардан кол жууп жаткан соң биз унчукпай эле койгонубуз оң деп. Эмне дейбиз, спортчуларды баалай билген казак элине даңк!