Өкмөттү Кудай сактап, жакынкы аралыкта ээрден шыпырылбай турса, облустар жогорку орган катары кыскарып, губернаторлук кызматты жоюу ишке ашат. Көк үйчүлөр мындай кадам менен жүздөгөн кызмат орундарын кыскартып, казынага миллиондорду үнөмдөөгө болорун айтышууда. Мисалы, обладминистрациянын аппаратында иштегендер 50 пайызга кыскарып, чакан айыл өкмөттөр, райондор биригет. Демек, көптөгөн кызматтык унаа, айлык акы кыскарат дешет.
Губернаторду кетирип, ордуна өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн отургузуудан утуп чыгарыбыз эмне? Аты эле өзгөргөнү болбосо, ал деле облустук деңгээлдеги көйгөйлөрдү чечет экен. Акимдер мурда губернаторго баш ийсе, эми кыңк этпей өкмөт өкүлүнө моюн сунат. Аларда деле кызматтык унаа, иш бөлмө, маяна дегендери бар. Азыркы губернатордон айырмасы, өкмөт башчынын айдагында гана жүрүп калат. Ошол дайындайт, ошол кызматтан алат. Демек, орун алмаштыруунун зарылчылыгы бар беле? Бул боюнча өкмөттүн маалымат кызматына кайрылсак, “ушулар билет” болуп отуруп беш-алты бөлүмүнө “жолдомо” беришти. Аталган бөлүмдөрдүн биринен да оңгулуктуу жооп ала алган жокпуз. “Штат кыскарат, акча үнөмдөлөт” дегенден башка конкреттүү эч нерсе айта алышпады.