Премьер-министр Өмүрбек Бабанов жарандардын чыгашасын көзөмөлгө алуу тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Өкмөткө ишенсек, мындай жол менен Кыргызстандын ички дүң продукциясы өсүп, салык кызматы оңолуп, экономикабыз болуп көрбөгөндөй көтөрүлөт экен. Бабанов мындай мыйзам Сингапур өлкөсүндө ийгиликтүү иштеп жатканын мисал келтирди.
Өмүрбек мырза: “Бул мыйзам түздөн-түз коррупцияга каршы иштейт. Чиновниктердин жакындары үйлөрдү куруп, унааларды сатып алып жатканын эл билет. Бирок алардын алган айлыктары буга эч кандай мүмкүнчүлүк бербейт. Көмүскө экономиканы ачыкка чыгарыш керек. Ал үчүн эгерде жаран мүлк сатып алса, 1 айдын ичинде Мамлекеттик салык кызматына акчанын кайдан келгендиги тууралуу декларация тапшырыш керек”,- деди. Чиновниктердин чөнтөгүн көзөмөлдөп, алардын жең ичинен жүргүзүп жаткан иштерин ачыкка чыгарууга эл каршы эмес. Бирок бул мыйзам келип эле карапайым калктын жонуна жабышары турган кеп. Чиновниктер жолун таап келишкен, эми деле табышат. Ал эми Орусия, Казакстанда жанын оозуна тиштеп жүрүп иштеп келип үй-жай алып жаткандар акчаны мыйзамдуу иштеп тапканын кантип далилдеп беришет? Эгер акчанын мыйзамдуу жол менен келгенин далилдей албасаң, алган мүлкүңдү өкмөт тартып алган жатса, карапайым калк кантет? Кайра эле баягы “салыкчы акелердин” күнү тууйт окшоп калды.