“Туризмди өнүктүрөбүз, инвесторлорду тартабыз” деп Кыргызстан 44 өлкөгө 60 күндүк визасыз режим киргизди. Ушул теманы талкуулоо учурунда дин таануучу Кадыр Маликов “мындай “ачык эшиктин” айынан өлкөдө диний кырдаал курчушу мүмкүн” деп билдирүү жасады. “Биздин байкоо боюнча, жакынкы 5 жыл аралыгында Кыргызстандын түндүк аймагында, өзгөчө Чүй облусу менен Бишкек шаарында вахабисттик агымдын күчөшү күтүлүүдө”,- дейт Маликов. Анын айтымында, өлкөбүздүн руханий колдоого муктаж болуп турганынан пайдаланып, мурдагы жана жаңы диний күчтөрдүн аракети күчөйт. Жаңы агымдар өз таасирин сакташ үчүн башка агымдар менен каршылашып, бизнес, бийлик же маданият тармагына сүңгүп кирет.