АЯЛДАРДЫН ЖЫНЫС ОРГАНДАРЫНЫН СЕЗГЕНИШИ

Жыныс органдарынын сезгениши эки түргө: экзогендик (сырткы) жана эндогендик (ички) болуп экиге бөлүнөт.

ЭКЗОГЕНДИК ТҮРҮ

Оорунун бул түрүн инфекциялык оорулар, бактериялар, вирустар, уулуу заттар (токсиндер), оору козгоочу паразиттер (башка жандын эсебинен тамактануучу жандык) козгойт. Мындан тышкары урунуу, жыгылуу жана башка себептердин натыйжасында да келип чыгат. Бул түргө вульвит, вульвовагинит, кольпит, вагинизм, кондилома оорулары кирет.

ЭНДОГЕНДИК ТҮРҮ

Ал эми аялдардын жыныс органдарынын эндогендик сезгенишине тромбоз, ткандардын некроз (ткандардын өлүп, чириши) оорусу, кан куюлуу, кан агуу жеткирет. Анан дагы көбүнчө миома, кистома ооруларынын негизинде келип чыгышы да толук мүмкүн. Бул темада кийинчерээк кенен сөз кылмакчыбыз.

ВУЛЬВОВАГИНИТ

Негизинен бой жеткен кыздарда кезигет да, аялдар мындай оорулар менен сейрек ооруйт. Кызамык, скарлатина, дифтерия, диатез, мурун көңдөйү оорулары: тонзилит, гайморит, грипп менен ооруган 3-8 жаштагы кыздарда да кезигет.

Ооруну ичеги таякчалары, гельминтоз ( острица), экссудативдүү диатез шарттайт. Мындан тышкары жыныс кынына бир нерселердин кирип кетиши да ооруну жаратат.

Белгилери: такым кычышып, ириң, алтургай, кан аралашкан суюктук бөлүнүп чыга баштайт.

КОЛЬПИТ

Бул ооруну аялдардын денсоолугунун начарлашы, эрте келген климакс, тамак-аштын, өзгөчө витаминдердин жетишсиздиги, анан организмдин картаюу процесси шарттайт.

Негизги белгилери: жыныс органдары дүү­лүгүп, кычышат. Ичтин киндиктен төмөн бөлүгү салмактанып ооруйт, ириң сыяктуу суюктук агат. Жаш өткөн куракта кандидамикоздун негизинде пайда болгон кольпит оорулары кездешет. Бул ооруга негизинен ич келте, туберкулёз оорулары алып келет. Кээде онкологиялык оорулардан айыгуу үчүн узак убакыт дарыланган аялдарда кездешет.

ВАГИНИЗМ ООРУСУ

Вагинизм – неврологиялык оору. Башкача айтканда, аялдын жыныс мүчөлөрүнүн булчуңдарынын патологиялык жыйрылып турушу. Мындай оору менен ооруган аялдар менен жыныстык катышуу мүмкүн эмес. Себеби, аялдын жыныс булчуңдары менен курсак булчуңдарынын убактылуу же узакка карышып калуусу күтүлөт. Ушундан улам эркектин жыныс мүчөсү аялдын кынынан чыкпай калат.

Вагинизмге жыныс органдарынын патологиялык оорусунан азап тарткандар, жыныстык катнаштан дайыма канааттануу албагандар, жыныстык катнашта дайыма болбогондор чалдыгышат. Мындан тышкары зордукка кабылуудан улам коркуп калган аялдар учурайт.

АТАЛГАН ООРУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР

  • Өздүк гигенаны жакшы сактап, жыныс органдарын таза кармоо зарыл.
  • Чала тааныш же тааныбаган эркектер менен жыныстык катнашка жол бербөө, бирөөнүн кийимдерин кийбөө керек.

Эскертүү: Аталган оорулардын бирине чалдыгып калган учурда өз алдынча дарыланбастан, сөзсүз түрдө гинеколог врачка кайрылуу зарыл. Врач гана так диагнозун коюп, дарылануу ыкмаларын сунуштай алат.

КОНДИЛОМА

Кондилома – аялдын жыныс органына чыгуучу сөөл өндүү залалсыз шишик оорусу. Ооруну вирустар жаратат. Вирус жыныс органдарынын эпидермисин (теринин үстүнкү катмары, бети) бузуп, ал жерде өсө баштайт. Өскөн сайын көбөйүүгө өтөт.
Кондилома жайылып отуруп жыныс органдарын, аялдын чатын, андан өтүп анустун (арткы тешик) айланасын каптай баштайт. Кээде жыныс кынына, жатын моюнчасына чейин жайылып кетет. Кондиломанын көбөйүп, биригүүсүнүн натыйжасында таза ткань калбай калат да, чирүү (некроз) башталат. Чирүүдө болсо жагымсыз жыт пайда болот.
Мындай залалсыз шишикти короздун таажысына же гүлдүү капустага (броколли) окшоштурушат.
Кондиломанын өөрчүшүнө жыныс органдарынын бөлүнүп чыккан суюктук себепчи болот. Себеби, бөлүнүп чыккан суюктук кандиломанын көбөйүшүнө жол берет.

ДАРЫЛАНУУ ТУУРАЛУУ

  • Кольпит, вульвовагинит, вульвит оорусуна чалдыккандар жана патологиялык оорулары барлар өз учурунда дарылануулары кажет. Дарылоо мезгилинде жыныстык катышты токтото туруу абзел.
  • Ал эми вагинизмде аял күйөөсү же өнөк­төшү менен сүй­лөшүп, жыныстык катнаштан убактылуу баш тартуу зарыл. Эркек мындай оорусу бар аял менен кошулууда ага сылык мамиле жасап, сылап-сыйпоо менен дүү­лүгүүгө жеткирүүсү керек. Анан аялдын ыгы менен болгон оң.
    Мындай ооруга чалдыккан аял психотерапия жана гипноз ыкмаларынан пайдаланса жакшы жардам бермекчи.
  • Кондиломада эгерде оору дары-дармекке баш бербесе, хирургиялык жана электрокоагуляция (электр тогу менен күйгүзүү) ыкмасы колдонулат.

    Негизинен аталган ооруларда мазь түрлөрү, таблеткалар, антибиотиктер, дары свечалар жана башкалар колдонулат. Колдонуу мөөнөтү оорунун жеңил же ооруна карата сунушталат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 198, 18-24-агуст, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан