Кийинки жылдын 1-апрелинен тарта өлкөдө электр энергиясына болгон баанын кымбатташы күтүлүүдө. Карапайым калктын кулагына жагымсыз угулган бул кабарды Отун-энергетикалык комплекс департаментинин башчысынын орун басары Миргүл Айдарова билдирди. Электр тогуна болгон баа калкка да, энергокомпаниялар үчүн да көтөрүлөт.
“Учурда тарифтерди кайра карап чыгуу боюнча иштер жүрүүдө. Жыйынтыгы жакынкы күндөрү коомчулукка маалымдалат. Калк 5-6 айдын ичинде жаңы баага көнүш керек”,- дейт энергочиновник. Бааларды көтөрүү менен энергетикадагы жыртыктарды бүтөйбүз дешүүдө. Эске салсак, тарифтерди көтөрүү маселеси жыл башында эле көтөрүлгөн. Бирок анда “свет акелер” карапайым калкка эмес, ишканалар үчүн кымбаттай турганын айтышкан эле. Бул го кийинки жылга эскертүү. Быйыл деле жарык кыйратып берилбей турганын энергетиктер эмитен эскертип башташты. “Бул жылы электр энергиясы менен толук камсыз кылуу көйгөйлүү. Чектөөлөр болушу мүмкүн”,- дейт Энергетика жана өндүрүш министринин орун басары Автандил Калмамбетов.
“Энергетика тармагында лидер болобуз” деп кыйкырып жаткан Кыргызстандагы абал ушундай.