Банктардан насыя алып, төлөй албай айласы кеткендер 31-июль күнү Ош облустук администрациясынын алдына митингге чыгышты. Чогулгандар – 30га чукул аял. Алар өлкөдөгү коммерциялык банктар менен кредиттик бирикмелерди жаап салуу жана алган карыздарын жоюу талабын коюшту.
Алардын бири Гүлсүн Аматова: “Эгерде микрокредиттик компаниялар өз ишин токтотушпаса, биз алардын имаратын өрттөйбүз. Биринчи Өзгөндөн баштайбыз”,- дейт. Айтымында, карызы миллион сомго жетиптир. “Иш башташ үчүн насыя алгам. Бирок төлөй албай калып, карыздан кутулуш үчүн башка бир компаниядан акча алдым. Ушинтип отуруп карызым миллион сомго жетти. Бар тапканым насыянын үстөк пайызына кетет”,- дейт митингдин катышуучусу.
Карыз төлөөчүлөр менен банк, кредиттик уюмдардын өкүлдөрү жолугушуу өткөрүп, насыянын мөөнөтүн узартып, туумун жокко чыгарып берүүнү сунушташты. Митингчилер буга макул болбой, карызды биротоло жоюп салууну талап кылышууда.