Былтыркы кыш эсиңизде бардыр. “Казактардан арзан алдык” деп уулуу көмүр алынып келинип, кайра кышы менен дүрбөлөң түшүп, өкмөт жазында араң өткөрүп берген Казакстанга. Бул ишке Энергетика жана өндүрүш министри Аскарбек Шадиев, анын ошол кездеги орун басары Кайрат Жумалиев, “Электр станциялар” ишканасынын башчысы Аман Тентиев жана Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы ишин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Мирлан Аскар уулу айыпталып, иш сотто каралып жаткан. Кызыгы, 27-июлда Биринчи Май райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова аталган төртөөнү тең “кылмыш кылган эмес” деп актады.
Коомчулук кызыктай абалда калды. Уулуу казак көмүрү Кыргызстанга өзү эле келип алган көрүнөт? Бул иш боюнча бардык жооптуу адамдарды “кылмыш кылган эмес” деп актасак, анда кылмыш ишин козгоп, эмнеге убара тарттык? “Коррупция менен күрөшүп жатабыз” деп жар салыш үчүн элеби? Дал ушул окуя, ушул актоо бир эмес, эки төңкөрүштү баштан кечирип, канча уулун аргасыз курмандыкка чалып, паракорчулуксуз жакшы заманды күтүп жаткан элдин үмүтүнө суу септи.
КРнын Кылмыш жана жаза кодекси боюнча тагылган айыптарына караганда, эгерде сот күнөөлүү деп тапканда Аскарбек Шадиев 6 айга чейин, Аман Тентиев 6 айдан 3 жылга чейин, Аскар уулу Мирлан 6 айдан 5 жылга чейин, Кайрат Жумалиев 6 айга чейин жаза алмак. Мамлекеттик айыптоочу Асаналы Иманбеков 10 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрыла тургандыгын билдирди.