Куттуу Рамазан айы ортолоп калды. Күндүн узунуна, ысыгына карабай орозо кармаган миңдеген замандаштарыбыздын ичинде төбөсү көрүнүп калган инсандар да бар. Атактуулар мусулманчылыктагы беш парздын бири болгон орозо тууралуу эки ооз кеп айтып беришти.
Замир Арыкбаев:
– Негизи, орозо кармаганда көп оор жумуш кылуудан баш тартыш керек окшойт. Өткөндө айылга барып кыймылдай коём деп алым кетип, суусап жаман болдум.
Кутман Жолдошев:
– 10 жылдан бери орозо кармап жүрөм. Бир-эки жолу базардан майда-чүйдө алып жүрүп, орозо экенимди унутуп калып оозумду ачып алган учурлар болгон.
Неля:
– Орозону быйыл үчүнчү жолу кармап жатам. Орозо кармоо ар бир мусулмандын парзы болгондуктан, жылда кармоого ниет койгом. Кээ бир кыздар орозону арыктоонун бир амалы катары ойлошот экен. Минтип ойлогондор жаңылышат деп айтар элем.
Омар:
– Эки жылдан бери чындап орозонун жол-жоболорун толук түшүнүп кармай баштадым. Дегеним, мектепте окуп жүргөндө да кармап калчумун. Бирок анда мода сыяктуу эле бирөө кармаса кармай берчүбүз. Быйыл орозо айы ысык убакка туш келбедиби. Ошол себептен кичине тамагың кургап калат экен. Ушул жылы орозо кармаардын алдында “кармай аламбы?” деп эки анжы ойдо турганымда, колума орозонун календары тийип калды. Анда “чыныгы мусулман ысыктан коркпошу керек, тозоктун оту мындан да ысык” деп жазылып туруптур. Ошондон улам арсар оюмдан кайттым.
Съездбек Искеналиев:
– Быйыл төртүнчү жолу орозо кармоого чын дилимден ниет коюп, оозумду жаптым. Орозонун касиети күчтүү экен, ысыкта деле суусабай көнүп калдык. Бирок алыскы сапарлардан качып барбай жатам.
Жанбулат Амантаев:
– 1999-жылдан бери орозону үзбөй кармап келем. Ага чейин Америкада беттештерге чыгып жүргөндө кармап баштайын деп эле шартым туура келбей калчу. Негизи, орозо кармоого спортчулар дароо көнүп кетишет. Анткени салмак кууп жүргөндө суткалап тамак жебей калган күндөр болот. Быйыл жайга туш келип, күн узун болууда. Бирок мунун сообу өтө чоң.
Турсунбай Бакир уулу:
– Мен орозону 26 жашымдан тартып кармап келе жатам. Ошондо, эсептесем, 28 жыл кармаптырмын. Бир жолу орозо учурунда ашказанымдагы жара күчөп кетип, орозом бузулуп калган. Быйыл да доктурлардын “кармаганга болбойт” дегенине карабай орозо туттум. Бирок дарыгерлердин катуу көзөмөлүндөмүн. Эгер менин ден соолугума коркунуч жаралбаса, анда "ооругандар деле кармаса болот" деген чечимге келебиз" деп жатышат дарыгерлер.
Нурзат Садыкова:
– 15 жылдан бери орозо тутуп келе жатам. Ар кандай концерттерде ырдап калганда эле тамагым кургап кыйналбасам, көп деле кыйналбайм. Кичине чагымда орозо кармап, анан унутуп калып оозумду ачып алган учурлар көп эле болгон. Бирок жылда кармай берсең, андай нерселерден арылат экенсиң.
Булардан тышкары орозо кармагандардын ичинде төкмө акын Аалы Туткучев, кикбоксчу Айбек Дүйшенбиев, рэпер Добр, ырчы Айгерим Расул кызы жана башкалар бар.
Бахияна Сатылганова,
star@super.kg