Заман нугу жетелеген жакка көнбөгөнгө, өзгөрбөгөнгө арга барбы? Баары өзгөрүп барат. Жадакалса жарамазан айтуу салты бурмаланып, жаңыдан “иштелип” чыгыптыр. Куттуу Рамазан айында жашап жатып, буга күбө болдук. Жарамазанды “хитке” айланткан чыт курсактардын ата-энелерине кайрылуу иретинде ушул макалага токтолдук.
Минтип бир унаага бир эле жарамазанчынын
баруусу да алардын "мыйзамдарынан"окшобойбу...
“МАШИНА УРУП КЕТСЕ ЭМНЕ БОЛОТ?”
Жумуш убактысы бүтүп, кечке маал маршруттук такси менен үйгө жөнөдүм. Унаалардын, автотыгындардын уюгу болгон Чүй-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен маршрутка жол чыракка токтоду. Ушуну эле күтүп тургандай, бир топ жаш бала унаанын айдоочу отурган жагына өтүп, жарамазан айтып киришти. Ичиндеги биз баш чайкап тим болдук. Айдоочу майда тыйындарды суна берерде бирөө “чачыңыз” деп калды. Анан дароо жол чырак жанып, биз жүрүп кеттик. Күзгүдөн карасак, балдар унаалар өтүп жатканына карабай тыйын чогултуп жатышат. Чыдабай кеттиби, айдоочу: "Күнүгө жарамазанчыларга акча берем. Булардын минтип айтканы туура эмес. Мунун орду болот. Ата-энелери карабайбы буларды? Машина уруп кетсе эмне болот?"- деп күбүрөнүп коё берди.
ОРУС БАЛА КЫРГЫЗЧА ЖАРАМАЗАН АЙТЫП...
Кийинки күнү бул сүрөттөлүштү жакындан көрүү үчүн атайын келдим. Деле тың балдар экен. Рулу сол жагында жайгашкан унаалардын ары жагына өтө калып, оң жагында жайгашкандарга кичирээктерин жиберип жарамазан айтып жүрүшөт. “Милиция келатат” дегенде таранчыдай тарап жок болушат. Кай бирлерин ата-энелери урушуп, желкелеп алып кетип жатышты. Таң калтырганы, кыргызча түшүнбөгөн орус баланын жарамазан айтканы болду. “11-12 жаштардагы баланын пайда үчүн кыргыз тилинде жарамазан үйрөнгөнүн кара” деп баш чайкадым. Анан да бул жерден бура бастырбай ээрчип, жарамазан айткан кичинекей кыздарды да жолуктурдум. Жарамазанды баш аламан баштаган алар “адыр-адыр тоолордон, айгыр минип биз келдик, айгыр башын тарталбай, ушул байкеге туш келдик...” деп оңдоп кетишти аягын.
Бул жерде жашагандардын айтымында, жарамазан айткан бирөөнө акча берсең, артыңдан экинчиси келип айтат экен. Бири тигинтип унааларга, бири кырка тизилген дүкөндөргө айтып жүрөт. Бирок жарамазанчыларды сүйгөн бирөөнү да көрө алган жокмун.
ИИМдин Жол көзөмөлдөө башкы башкармалыгына чалдык эле, "мындай абалда кырсык каттала элек" деп билдирди. Антсе да айтып кетер элек, урматтуу ата-энелер, балдарыңыздарды тыйыңыздарчы?! Жолдо минтип жаш өмүрдү тобокелге салышпасын!
ЖАРАМАЗАН КАЧАН ПАЙДА БОЛГОН?
Динде жарамазан айтуу барбы же бул салтпы? Аны кандай шартта айтуу керек?
Саясат ажы Асанов:
– Динде жарамазан деген түшүнүк жок. Муну орто жолдо кожоюнду мактап, андан пайда табуу дейт элем.
Дастан Сарыгулов:
– Негизи, жарамазан – кыргыздын салты. Анын тарбиялык мааниси чоң. “Кимдин үйүнө жарамазан айтып барса, кут келет” дешкен. Адамдарды биримдикке, тынчтыкка, ырашкерликке чакырат. Жарамазанды 8 жаштан баштап айтуу туура. Жарамазанчынын шагын сындырбоо үчүн куру кол узатпоо керек. Эң негизгиси, бул жерде үй ээсинин акча берүүсү эмес, бата берүүсү.
Максат Кудайбердиев
koom@super.kg