Нарын шаарынын батыш тарабында курулушу жүрүп жаткан Борбор Азия Университетинин филиалынын аймагынан коло доорундагы буюмдар табылууда. Мындай маалыматты «Ак-Шам» жаратмандар саясий партиясынын лидери Эрлан Сапарбаев билдирет.
«Археологдор казып жаткан аймактан биздин заманга чейинки болжолдуу түрдө миң төрт жүзүнчү жылдарга таандык коло доорунан баштап сак, усун, түрк доорлорун камтыган тарыхый жана археологиялык өтө баалуу буюм-тайымдар, таш сүрөттөр (петроглифтер) табылып жаткандыгын билдим. Көрсө, учурунда, 1940-жылдары профессор А.Бернштам, 1953-1956-жылдары А.Кибиров тарабынан аталган аймактарга казуу иштер жүргүзүлгөн экен. Бирок, тилекке каршы, президент Аскар Акаев ушул баалуу жерди Ага-Хан аймагына БАУнун филиалын куруу үчүн берип салган. Ушундан улам мен жетектеген партия бир катар маселелерди ачыкка алып чыгуу аракеттерин баштады. Мыйзамга ылайык, тарыхый-археологиялык жактан баалуу жерлерди менчиктештирүүгө болбойт» - дейт Э.Сапарбаев.