Облуста сарыктын «А» формасы менен ооругандардын саны өсүүдө. Аталган ооруга көбүнчө мектеп окуучулары, өспүрүмдөр чалдыгууда. Мунун себеби катары базардагы антисанитардык көрүнүш көрсөтүлүүдө.
Оорунун алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Тактап айтканда, сууну кайнатып ичүү, өздүк гигиенаны сактоо үйрөтүлүүдө.