Республикалык кан борборунан маалым болгондой, жайкы каникулга жана Рамазан айына байланыштуу борбордо кан жана анын компоненттеринин запасы аз калган. Борбордо кан күнүмдүк норма боюнча 50-80 литр сакталышы керек болсо, учурда 5 литрге чейин гана кан бар. Кан таңсыктыгынан ооруканаларды кан менен камсыздоо мүмкүн болбой калган. Көйгөйдү жакшы түшүнгөн Бишкек шаарынын медицина кызматкерлери биринчилерден болуп өз ыктыярлары менен кан тапшырышты.