Учурда дарбыздын сезону. Сооданын кызыгына кирген сатуучулар дарбыздарды трассанын жээгине дейре алып чыгып сатышууда. Кечке чаң менен машиналардын күйгөн газына бөлөнгөн мындай дарбыздардын адамга зыяны канчалык? Изилдеп көрөлү.
«АДАМДЫН ОРГАНИЗМИ ЖЕГЕН ТАМАГЫНАН ТУРАТ»
«Жол жээгинде сатылган дарбыздардан ден соолукка кандай зыян келет?» деп Cанитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Бүбүжан Арыкбаевага кайрылдык.
– Жол боюнда сатылып жаткан дарбыздар, биринчиден, чаңга бөлөнөт. Экинчиден, бир канча саатта эле автомашиналардан чыккан уулуу заттарды өзүнө сиңирип алат. Эреже боюнча, дарбыздар жерге төгүлбөстөн, сатууга уруксат берилген жайларда бийигирээк текчелерге коюлуп сатылышы зарыл жана күн тийбегендей болуп тосулушу кажет. Жерге ыргытылып коюлган дарбыздардын билинбеген жаракалары аркылуу чаң менен кошо микробдор да кирип кетиши мүмкүн. Анын үстүнө сатуучулар талаа-түздө колдорун жууп-жуубай дарбыздарды кармашып, анда микробдордун көбөйүшүн ого бетер шартташат. Микроб менен чаңдар ичеги-карын ооруларын шарттап, тамак-аштан ууланууну жаратса, кээ биринде аллергияны да чакырат.
Кийинки кездерде ичеги-карын оорулары, аллергиялар жана рак мына ушуга окшош уулуу тамак-аштын эсебинен көбөйүп баратат. Кыскасы, адамдын организми ал жеген тамак-аштын курамынан турат.
ДАРБЫЗГА СИҢЕ ТУРГАН МАШИНАДАН ЧЫККАН ЭҢ ЗЫЯНДУУ ЗАТТАР
БИР АДАМ БИР КҮНДӨ КООПТУУ ДАРБЫЗДЫН КАНЧАСЫН САТАТ?
Бүбүжан Арыкбаевадан маалымат алгандан кийин ден соолукка кооптуу дарбыздан бир адам бир күндө канчасын сатарын байкап көрмөк болдук. Бишкектин Шабдан баатыр-Жибек Жолу көчөлөрүнөн түндүктү көздөй жүргөнүбүздө эле кыркалай тизилген дарбыз үймөктөрү көзгө урунду. Жерде, картондун үстүнө эле тизилип, түтүн, ыш, чаңга бөлөнгөн коон-дарбыздар... Жолдон түтүнүн уюлгутуп өткөн оор да, жеңил да машиналардын аягы көрүнбөйт. Дарбыз-коон четинде үргүлөп жаткан итти да, мышыкты да, керебеттерде уйпаланган жууркан-төшөктү да көрдүк. Мына ушундай жерде, ушундай абада сатылып жаткан дарбыздар да ээсин таап, өтүп жатат.
Сатуучулар менен сүйлөшсөк, алардын ар бири бир күндө 400 килограммдын тегерегинде, күн абдан ысыган күндөрү айрымдары 700-800 килограммга чейин сатышарын айтышты.
Айланып өтүүчү чоң жолго (объездной) барганыбызда да дал ушундай эле көрүнүшкө туш болуп, ушундай эле маалымат уктук. Ошондо Бишкектин тегерегиндеги жол жээктерде 1 сатуучу 1 күндө 400 килограммдан сатты дегенде эле 100 адам 40 тонна (же 40 000 килограмм) ден соолукка кооптуу дарбыз сатат. Ал эми Бишкек боюнча 1 күндө 100дөн да көп адам дарбыз сатары турган кеп.
Кызыгы, айланып өтчү жолдон 1 мүнөттө канча машина өтөрүн эсептеп көрсөк, 25и өттү (кээде мындан аз же көп болушу мүмкүн). Ал эми бир күндө мынча машинанын канчасы өтөт дейсиз! Ошончо машинанын түтүнүнөн чыккан уулуу газ тиги коон-дарбыздарга жабышып, анан сиңе баштайт. Дарбыздар толук өтпөсө, калганы эртеңкиге же бүрсүгүнкүгө калат. Демек, уулуу заттардын жабышканы ого бетер көбөйөт. Аларды ар ким сатып алат. Анан жеп, жогоруда айтылган уулуу заттарды кошо жутабыз. Мына, боордошум, өзүбүздүн ден соолугубузга көргөн «камкордугубуз».
СОҢКУ СӨЗ
Мындай кооптуу дарбыздар адегенде эле жаш балдар менен кары-картаңдарга, оорукчандарга маселе жаратары анык. Бүгүн кооптуу дегенге көңүл кош карап, кол шилтеп койгонубуз менен, эртең ден соолук өзүбүзгө эле керек. Андыктан азабын тартып жүргүчө, оорунун алдын алып, таза жерлерде сатылган эле дарбыздан жесек.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg