Какач бирөөлөрдүн тарагы аркылуу да жугат десеңиз, анда жаңылышасыз. Тарак аркылуу жукпайт. Ал өзүбүздүн ички органдардын таасиринен улам пайда болгон организмибиздин реакциясы. Чачты бат-бат жууй берсе майлуулугу кетип, кургап, баш теринин абалын начарлатып жиберет. Чачтын абалына карап тандалган шампунь баш терини жакшыртат. Ошондуктан табигый заттардан жасалган шампунь тандаганыбыз туура. Чачты баттан тарап туруу какачтын жок болушуна жардам берет. Бирок тарайт деген ушул экен деп катуу тарай берсеңиз, баш териңизди жабыркатып алышыңыз ыктымал. Ошондуктан жай, башыңызга акырындан тийгизип тарашыңыз керек.
КАКАЧКА КАРШЫ МАСКАЛАР
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg