АЗ КҮНҮМ КАЛСА ДА МАХАБАТЫМ МЕНЕН ЖАШАЙМ...

БАКТЫЛУУ КОКУСТУК

Ошол күнү мен окууга шашып бара жаткан элем. Көчөдө машиналардын көптүгүнөн баш адашат. Көпчүлүктүн агымынан машинам менен суурулуп чыгып, эми катуулай айдай берээримде каптал жагымда бир машина чукул чыга калды. «Карс» эткен үнгө удаа «Мына, өлдүм» деген ой чагылгандай орной түштү. Бир кезде бетиме муздак нерсе тийгенден улам эсиме келсем, бир жигит рулга өбөктөгөн мени күнөөлүү карап турган экен.
– Кимсиз? Мен кайдамын?
Эки жагымды карасам элдер чогулуп калышкан экен. Тиги адам менин машинамды коюп кеткенин сезе койдум.
– Эч нерсе деле болгон жок. Коркпоңуз. Мен жумушка шашып бара жаткан элем... Кечирип коюңуз.
Бет алдымда келбеттүү, жүзү жайнаган жигит турган экен. Кө­зүм­дү ала албай калдым. Ал дагы ошол абалда тургандай. Эчен жылдан бери жолукпай жүргөн жакын адамыма жолуккандай бири-бирибизди карап тура бердик.
– Менин атым Мирлан.
– Асел.
Негедир бул каруулуу колдордун кучагынан чыккым келбей турду.
– Мен сизди ооруканага алып барайын...
– Жок, убара болбоңуз,- деп ордумдан козголо берип ооруксуна түштүм.
– Жок, текшерилүү керек... Мен сизди минтип коё бербейм.
Менин машинамды машина коюучу жайга таштай салып, Мирлан менин оюма койбой машинасына салып, жакын жердеги ооруканалардын бирине алып барды. Врачтар менин айрылып кеткен чекемди таңып беришти. Чындыгында коркунучтуу деле эч нерсе болгон эмес экен.
Эшикке чыгып экөөбүз кафеге кирип отурдук. Тез эле болуп өткөн окуяны унутуп, экөөбүз эзелки тааныштардай сүйлөшө каткыра күлүп жаттык.
– Кызык, бүгүн жүрөгүм башкача согуп жаткан эле. Көрсө, жолумда бир пери кыз күтүп турган экен да,- деди Мирлан күлүмсүрөп.
– Кокустук болбосо таанышпай калмак экенбиз да...
– Да, бирок, бул бактылуу кокустук...
Мирландын көздөрү күлүп турду. Ошол күн чындыгында мен үчүн бактылуу күн эле.

АЛГАЧКЫ СҮЙҮҮ ЖАНА ДОСТУК

Ооба, мен аны сүйүп калдым. Мен үчүн Мирлан өмүр бою күтүп келген, эс тартканы эсимден кетпей, качан жолугам деп тымызын күтүп жүргөн адамым болчу. Ошол күнү эле мен ал адамга биротоло байланаарымды билгем. Аны кичинекей жүрөгүм менен сезип койгон элем.
– Мен ансыз жашай албайм.
– Капырай, тез эле акыл-эсиңден айрыган кандай адам экен ал?- кыткылыктап мени шылдыңдаган курбум Нуризанын мойнунан кучактап калдым.
– Сен билбейсиң аны, ал ааламда жок адам. Ал мен үчүн гана жаралган,- дедим.
– Сен сабагыңды окушуң керек. Азыр жигиттердин бардыгы алдамчы. Сыягы, ал жигит башыңды айлантып алса керек.
Ушинтип сүйлөгөн Нуризанын мойнуна асыла эркелеп кеттим. Калп эле ушинтип сүйлөгөн менен ал мени жакшы көрөөрүн билем. Апам менен атамдан кийинки эле эң жакын адамым ушул Нуриза болчу. Экөөбүздүн энелерибиз бир тууган, башкача айтканда, бөлөбүз. Эгиз козудай ээрчишкен экөөбүздү бир тууган деп ойлошоор эле. Ал дагы бир үйдүн жалгыз кызы.
– Билесиңби, анын аты Мирлан,- дедим мен.
– Кандай дейсиң?- өңү өзгөрө түш­көн Нуриза мени карап калды.
– Аты Мирлан. Өзү бир юридикалык компанияда иштейт.
– Тааныштырчы, аныңды көрөм го...- деп Нуриза нааразылана сүйлөнүп калды.
Окуу корпусунан Нуриза экөөбүз чыгып келе жаткан элек. Мирлан ар дайым мени сабактан кийин күтүп ала турган. Ал күнү да сабактан чыксам, машинасына жөлөнүп күтүп турган экен.
– Асел!- деп мени карап сүйүнүп келе жатып, Мирлан мага жетпей бута атым жерге токтой калды. Куду алдында арбак тургандай кетенчиктей түштү. Мен андагы бул өзгөрүүнү байкасам да, көңүл бурган жокмун.
– Тигине Мирлан, жүрү тааныштырам,- деген боюнча Нуризаны колдон сүйрөп жөнөдүм.
Саламдашкан соң тааныштыра кеттим. Негедир Нуриза Мирланды кадала тиктеп, өңү кубара түштү.
– Саламатсыз...- дегендей болду да мени карап:
– Аселка, мен кете берейин,- деп тез бурулуп жөнөп кетти. Мен анын артынан ийнимди куушура карап калдым да, Мирландын мойнуна асыла кеттим.
– Жүрү, кеттик.
Дагы да бизди бактыга карк кылган бир күн өттү.

МАХАБАТТУУ ТҮН

Жайдын керемет күндөрүнүн бири эле. Биз Мирландын достору болуп анын туулган күнүн белгилеп жатканбыз. Тосттор, жакшы калоо-тилектер айтылып жатты. Акыры элдин бардыгы узаганда Мирлан экөөбүз калдык.
– Мени узатып койчу...
– Асел...
Жалдырай караган Мирлан канчалык «кал» деп айткысы келсе да, үнсүз ордунан турду да, экөөбүз жетелеше эшикке бет алдык. Машинанын жанына келип мени узакка тигиле карады. Мындайда сөздүн да кереги жок болуп калат бейм. Тек гана көздөрүбүз сүйлө­шүп жатты. «Калчы, мен сени эч ким­ге теңебейм. Сен өмүрүмдөгү биринчи да, акыркы да сүйүүмсүң» деп жатты көздөрү. «Макул, мен эми сендикмин. Биротоло, түбөлүк­кө сендикмин! Эми ажалдан башка эч ким бизди ажырата албайт» деп үнсүз айтып жатты көздөрүм. Мирлан мени шак көтөрүп алып, үйүн көздөй жөнөдү. Мындай түн өмүрдө бир гана жолу болоор... Ушул түнү экөөбүз тагдырыбызды бириктирдик деп ойлогон элем. Бирок...

КОРКУНУЧТУУ ООРУ

Ушул окуядан бир ай өткөндөн кийин кускум келип, жүрөгүм айланып, башым тумандап кетчү адат табылды. Ай, менин балалыгым ай! Дароо «боюмда болуп калдыбы?» деген ой кетти.
Далбастап чуркап Мирландын жумушуна жөнөдүм. Ыйлап жиберип абалымды айттым. Бир кезде башымды көтөрсөм, Мирландын көздөрү жайнап кеткен экен.
– Эмне кубанып жатасың?
– Макоом десе, бул деген сонун да. Балалуу болсок, сенин окууңду күтпөй үйлөнө беребиз.
Мен Мирландын мойнунан кучактап алып ыйлай бердим. Бирок, бул кубанычтын жашы болчу.
Тилекке каршы, менин боюмда жок болуп чыкты. Врачтар улам бирине жиберип эле дүрбөп калышты. Күндөн күнгө абалым начарлай берди. Акыры ооруканага жатууга туура келди. Медсестра түнкү уколун куюп кеткенден кийин өзүмдү алсыз сезе баштадым. Бирок, ушул алсыздыкка жеңдирсем эле бир нерсе болчудай сезилип, өмүр бою ушул ооруканадан чыкпастай, Мирланды көрбөй калчудай сезилип ордуман турдум. Киймимди кийе салып, эшикке жөнөдүм.
Караңгы түн болсо да аптыга дем алып алдым да, Мирландын үйүн көздөй чуркап жөнөдүм. Мени бул кырсыктан сактачу ошол адам эле. Энтиге кирип барып эле боюмду кучагына таштайм деп ойлоп бара жаткам. Бирок, Мирландын үйүнө баш бага берип, анын кимдир бирөө менен урушуп жаткан өктөм үнүн угуп токтой калдым. Эч качан мен анын жинденгенин көрбөгөн элем. Экинчи үн дагы мага тааныш сезилди. Мына сага... ал үн Нуризанын үнү экен.
– Түшүнчү, эми Асел баары бир адам болбойт. Врачтар үмүт аз деп жатышат. «Мээнин залалдуу шишиги» деген диагноз чыгарып...
– Болду, токтот деп жатам, Нуриза! Сен мага ошону айтканы келдиңби?
Мирландын үнү калтырап кетти. Денем сенек болуп бара жаткандай дубал менен дубал болуп тура бердим. Демек...
– Мен сени экинчи жолуктургандан бери тынчым кетти. Мен сенсиз жашай албайт экем. Эки жылдан бери сени унутканга аракет кылам. Бирок, баары бир унута албайм. Түшүнчү мени, Мирлан. Баары бир сен меникисиң! Менин жаштыгымдан, эч нерсени түшүнбөгө­нү­мөн ажырашкан элек. Сен мени сүйчү элең го...
– Ошол сүйүүнү ким талкалап кетти?
– Мен! Мен баарына күнөөлүү­мүн, жаным. Асел сени тааныштыргандан бери жаным жай албайт. Мен эми гана сени сүйөөрүмдү тү­шүндүм.
– Эми баары кеч. Мен Аселди сү­йөм.
– Билем, Мирлан, мен Асел мындай ооруга чалдыкпаганда эч качан айтмак эмесмин. Бирок, ал жашоодо болбой тургандан кийин...
– Унчукпа, ал жок болбойт. Ал эч качан жок болбойт. Менин мобу жеримден ал эч качан кетпейт. Уктуңбу? Уктуңбу деп жатам...
Ушинтип бакырып алган Мирлан өксүп жиберди. Мен калтыраган боюмду токтото албай канчага турдум билбейм. Бир оокумда гана эсиме келип, акырын илкип жөнө­дүм. Бул түн өмүрүмдөгү эң оор түн эле. Кайда бараарымды билбей, сен­делип көчөдө басып жүрө бердим. Эмне деген шумдук! Кантип эле ушундай болсун! Кайсы күнөөм үчүн? Мирлан кантет? Ата-энемчи? Нуризачы? Айтор, бир да суроого жооп бере алган жокмун. Тек гана бирөө тынбай балка менен ургулап жаткансып жүрөгүм ооруй берди.
Ушул учурда гана Нуриза менден боюн ала качып баштаган себебин түшүндүм. Алтургай, бир жолу Мирлан мени алдап жатканын, ал кыздарга жакын деп кыйыткан эле. «Ал сени алдап жүрөт. Кеч болуп кала электе кол үз. Мени жакын адамым десең кол үз» деп ыйлаган эле. Бирок, мен анда дагы маани бербеген элем.

АЛДОО

Мирлан экөөбүз оорукананын чарбагында отурган элек. Ал мага көз токтотуп карай албай бурулуп кетти. Анын дирилдеген ийнинен, солкулдаган боюнан эле ыйлап жатканын сездим. Аяп кеттим аны... Мындан ары минтип жашаганга эч мүмкүн эмес эле. «Мен ушул ооруга чалдыкканым үчүн Мирлан күнөөлүү эмес болчу. Ал бактылуу болуусу керек. Нуриза дагы...» деп ойлоп турдум да мурунтан ойлоп жүргөн планымды ишке ашырууга кириштим. Ал өзүмдөн Мирланды алыстатуу болчу.
– Мирлан, экинчи мага келбей эле кой,- дедим чечкиндүү.
– Эмне-е?
– Мен сени сүйбөйт экем. Кечирип кой.
– Асел, эмне деп жатасың? Калп айтасың, сен жөн эле...
– Мирлан, мен бир адамга жолугуп калдым. Ал... ал деген...
Айтор, жомокту айтып кирдим. Мен ал адамды жакшы көрүп калганымды, ансыз жашай албасымды... дагы көп нерселерди айттым. «Кет, кетип кал, жанымды кыйнабай кетип кал. Сенсиз мага жакшы болот. Сенин аяганыңдын кереги жок мага» деп жаттым.
– Асел!
Үн чыккан жакка кайрылсам, чын эле врач чакырып жаткан экен. Биротоло ишендирейин дедим да, ордуман шарт туруп тиги жигит менен ээрчишип басып кеттим. Артыма караган да жокмун. Бирок, далым менен Мирланымдын көз карашын сезип бара жаттым. Жүрөгүм канап ыйласа да башка айла жок эле. Бир кезде Мирландын карааны алыстаганын көрүп буркурап ыйлап жибердим...

ТОЙ ЖАНА КӨЗ ЖАШ

Ошондон жарым жыл өткөндөн кийин Мирлан менен Нуризанын үйлөнүү тою болду. Ошол нерсе болоорун сезсем да мага оор сокку болду. Көз жашым соолугуча ыйлап жаттым. «Бактылуу бол, менин адамым. Мен тартуулай албаган бакытты башка тартууласын. Сен бактылуу болуу үчүн жаралган жансың. Мен сенин бактың, келечегиң үчүн калп айтканымды бир кезде тү­шүнөөр­сүң» деп ыйлап, сүйлөй бердим. Мени оорукананын боз дубалдарынан башка эч ким уккан жок.
Тагдырдын мага буюрган энчиси ушул болсо кайда бармакмын? Азыр канча күнүм калды билбейм. Дарыгерлердин алы келбегендей абалда болсом алар да кантмек эле? Бирок, өлүмдү ойлогум келбейт. Аттиң, түбөлүк жашай алсам, ээ?! Же жок эле дегенде Мирланым менен чогуу эки жыл жашап алсам армансыз кетпейт белем. Азыр менде калган жылуу элестер менен жашап келем. Так эле баягы биздин махабаттуу түндөрүбүздөй таза, ыйык сакталып келет. Мен өлгүчө...

Асел
Даярдаган Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Erkem
2009-11-13 10:33:55
ээхх ыйлагым келип кетти окуп алып эми кечке дагы ойлонуп журом кечке журогум муздап:(((
0
kansuluu
2010-07-02 11:35:19
Жашоодон конулум калып кетти! Турмуштун таш боордугу ай!!!
0
asiraasira
2011-07-18 07:33:53
тагдырга там бериш керек.
0
Mira.24.
2012-06-30 21:50:22
Тура кылгансын сенин суйуун тунук таза кала берет журогундо!
0
chomly88
2015-07-10 17:44:15
Ээ кудайым чын суйушкондор ушундай тандырга туш болот тура. А биз козу барда барктай албай кетебиз.
0
№ 198, 18-24-агуст, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан