АКЧА ТАП ЖЕ БАЛАҢДЫ ҮЙДӨ БАК!

“Коррупциянын башаты – башкадан эмес, бала бакчадан башталат” деп нааразы болушат, балдарын бакчага бере албаган ата-энелер. Жай аяктап, сентябрь айы жакындаганда бала бакча маселеси күч алат.

“КЕЗЕК ТАКЫР ЭЛЕ ЖЕТПЕЙ КОЙДУ”

Алгач балдарын бала бакчага бере албай жүргөн ата-энелердин арыз-дооматын өз ооздорунан угуп көрөлү. Таалайгүл Оморова аттуу эже бакча тууралуу төмөнкүлөрдөн кеп баштады:

– Менин бакчага бара турган уулум жана кызым бар. Экөөнү бир жылдан бери бала бакчага киргизе албай айлам кетти. Алгач мыйзам чегинде бала бакчага орноштурайын деп Бишкек шаардык мэриянын алдындагы департаментке кайрылып, арыз таштагам. Бирок кезектин акыры көрүнчүдөй эмес. Алты айдан кийин кайра барсам, дале орун жок. Өзүм бала бакчалар менен сүйлөшүп киргизмекчи болсом, бардык жерде “шапкесин” алышат экен. Бир балага 7 миңден 10 миңге чейин сурашты. А менчик бала бакчалардын “шапкеси” жок болгону менен, бир айда бир балага 7 миң сомдон ашык төлөшүң керек. Мен ашканада иштеп, айына 12 миң сом табам. Айлам кеткендиктен балдарымды айылга жөнөтүп, ишке чыгууга туура келди.

“ШАПКЕДЕН” ТҮШКӨН АКЧА КИМДИН ТАБАГЫНА ТҮШӨТ?
Мындай абалга кабылган ата-энелер канча дейсиз? Мыйзам чегинде баласын бакчага берейин десе, жылдап кезек күтүш керек. Иштебей үйдө эле бала багып отурайын десе, акча керек. Ал эми жеке менчик бала бакчалардын баасы – асмандын башы.
"Бала бакчалар пара алат, жакшы окутушпайт" деп какшагандарын угуп-билип жүрсөк дагы, "миң укканча бир көргөн" деп өз көзүбүз менен күбө болуу үчүн жөнөп калдык. Баланы бакчага бермекчи болгон ата-эненин ролун аткарып, борбор калаабыздагы бала бакчаларга бардык. Эмесе, Бишкек шаардык Ленин районундагы №185-бала бакчасына барганыбызды да кыскача баяндай кетели. Ал жерге "инибизди өткөрүүгө" барганбыз. Бакчанын убактылуу жетекчиси Роза бош орун жок экенин айтып, "ата-энесин жибергиле, өздөрү келип сүйлөшсүн" деди. Биз эшикке чыгып, бир аздан соң дагы бир кесиптешибизди колуна диктофон карматып, "баласын бакчага орнотуу" үчүн жибердик.Тарбиячы менен сүйлөшкөн маек диктофонго түшүп жатты:

Балаң канчада?
– Эки жарымда.

Кайда иштейсиң, келинчегиң да иштейби?
– "Дордойдо" иштейм. Келинчегим тигүү цехинде иштейт.

– Айлык кандай, ай сайын калтырбай төлөй аласыңарбы?
– Жакшы эле. Бир балага канча болот ошондо "шапкеси"?

6 миң сом болот.
– 6 миң сомду алып келсем эле, болду, баламды киргизе бересиңерби? Маалымдама дегендер болобу?

Жок. Андай болбойт. Ай сайын тамагына 1000 сомдон төлөп турасыңар...

Эже менен ушинтип сүйлөшүп чыктык. Таң калганым, ар бир баладан чогулган акча кайда, кимдин табагына түшөт? Мыйзамдуу нерсе катары ачык эле айтып жатканы кандай?..

ЭРТЕҢКИ МУУНДУ КАНТИП ТАРБИЯЛАП ЖАТАБЫЗ?
Айтор, бул жаатта көйгөй көп. Негизгилерин эле санай турган болсок, бир тайпада эле 60тай бала болот экен. Алар экиден бир болуп бир керебетте жаткандыктан, анан ар түрдүү ооруларды жуктуруп алуу коркунучу да бар. Балдарга жетиштүү көзөмөл жок. Анткени бир тайпага 60 баладан алып алса, кимиси эмне болуп жатат, кантип билет? Көп учурда ата-энелер балдарга тарбиячылар телевизордон мультфильм коюп берип коюшарын айтып кейишет. Балдарды тарбиячылар эмес, телевизор тарбиялап калган сыяктуу. Бардыгынан кейиштүүсү, дээрлик бардык бала бакчаларда кыргыз тили үйрөтүлбөйт. Биз кыдырган 40тай бала бакчанын эки-үчөөсү эле кыргыз тилдүү бала бакча экендигин айтышты. Тили чыкканда эле орусча "оозанган" наристелерде чоңойгуча кыргыз деген рух калабы? Жашырганда эмне, шаардыктар орусча-кыргызчаны аралаштырып, "киргиз" болуп калганы да ошол себептүү көрүнөт...

“Шапке” жана башка балдар бакчасына тиешелүү иштин чоо-жайын билгенге Билим берүү жана илим министрлигине баш бактык. Министрликтин басма сөз кызматынын катчысы Керез Жукеева биздин бир катар суроолорубузга төмөнкүдөй жооп берди:

– Эже, бала бакчаларда эмнеге кыргыз тили окутулбайт?
– Бардык эле бала бакчалар кыргыз жана орус тилинде ачылган. Шаар жерин ала турган болсок, ата-энелердин суроо-талабына жараша орус тилдүү тайпалар көп. Сөзсүз түрдө кыргыз тили ар бир бала бакчада окутулат. Жеке менчик бала бакчалар болсо да, биз алардын кандай билим берип жатканын көзөмөлдөп турабыз.

– Ата-энелерден сиздерге көбүнчө кандай арыздар келип түшөт?
– Шаар жергесинде бала бакчалардын жетишсиздигинен улам ата-энелердин нааразычылыктары болуп жатат. Бүгүнкү күндө өкмөт, тиешелүү кызматтар менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды кайрадан мамлекетке кайтаруунун аракетин кылып жатышат. Андан сырткары быйылкы жылы Сокулук жана Ысык-Ата райондорунда жаңы бала бакчалардын курулушу башталды.

– “Шапке” деген түшүнүк кайдан келген?
– Мамлекеттик бала бакчаларда ата-эне тамак наркынын 50 пайызын гана төлөйт. Бул 850дөн 1000 сомго чейинки бааны түзүшү керек. Эгерде бул суммадан ашык сурап жаткан болсо, ата-эне, биринчиден, ошол бала бакчанын жетекчилигине же биздин ишеним телефонубузга кайрылышсын. Алардан сөзсүз түрдө төлөгөнүн тастыктаган документти да талап кылуу керек. Пара алуу эки тараптык сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашып кетип жатат. Буга ата-энелер да күнөөлүү. Министрлик бала бакчада коррупцияны жоготуу тууралуу аракеттерди көрүп жатат.

– Эгер ата-эне бала бакчадагы кызматкерлердин туура эмес иштерине нааразы болсо, сиздер менен кантип байланышса болот?
– Ата-энелерге кызмат кыла турган бизде атайын ишеним телефону бар. Эгер нааразычылыктары, суроо-талаптары же сунуштары болсо, (0312) 62-05-19 номерине чалышат.

КЫСКА МААЛЫМАТ

  • Республика боюнча 741 бала бакча бар. Анын 450сү мамлекеттик, ал эми 265и муниципалдык жана 26сы жеке менчик.
  • Учурда бала бакчада тарбияланып жаткан балдардын саны 98 706.
  • Бишкекте 79 бала бакча бар болсо, анын 11и жакыр үй-бүлөлөр, жетим же майыптар үчүн.
  • Учурда борбор калаабызда бала бакчага орношуу үчүн 2 жаштан 7 жашка чейин 3 жарым миң бала кезекте турат.


«Супердин» сурак бурчу

БАЛАНЫ ПАРА БЕРБЕЙ БАЛА БАКЧАГА ОРНОТУУ МҮМКҮНБҮ?

Ализа Жекшенбекова,
студент:
– Менин оюмча, акча бермейинче баланы бала бакчага өткөрүү мүмкүн эмес. Менин туугандарым акча берип балдарын жайгаштырышкан. Андан да бакчада иштегендер баланын ата-энеси кайда иштейт, ошого жараша акча сурашат экен.

Кудайберген Сарыбаев,
инженер:
– Азыр балаңды бала бакчага акчасыз өткөрүү кайдан? Кайсы бала бакчага барсаң да, "орун жок" деп кетире беришет. Акча беришиң керек же "крышаң" жакшы болуп, бала бакчанын жетекчисинин таанышын табышың керек.

Эркебүбү Нуркалиева,
пенсионер:
– Эч кимден акча бербей баласын бала бакчага өткөргөнүн уга элекмин. Баары "6-8 миң сом бердик" деп ыйлап жүрүшөт. Союз учурунда бекер эле өткөрчү элек, азыр кайдагы? Акчасыз эч жерге бара албайсың.

Нурланбек Макарамов,
укук коргоочу:
– Кезекке туруп, акча бербей деле баланы бала бакчага орноштурса болот. Азыр бала бакча аябай аз. Элибиздин келечеги бала бакчадан башталат. Келечекти оңдойбуз десек, бала бакчаларды көбөйтүү керек.

Гүлнар Оморалиева,
медик:
– Бала бакча бекер болсо жакшы болмок. Карапайым адамдар, көп балалуулар кыйналып калышат. Барсаң эле 5 миңден өйдө сурашат. Угушума караганда, бакчада балдарды жакшы деле карашпайт.

Эрнис Мадишов,
убактылуу бош:
– Парасыз бала бакчага баланы киргизүү мүмкүн деп уккан эмесмин. 5-6 миң сомдон жогору пара беришиң керек. Менин деле эки кызыма 15 миң сом сурашкан.

Марина Асанова,
ашпозчу:
– Мамлекеттик бала бакчалар көбөйсө жакшы болмок. Себеби менчиктерде акча көп алат. Ал эми пара бербесең, кезекти көпкө күтөсүң. Кезегиң келгенче балаң мектепке бара турган болуп калат.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Акча тап же балаңды үйдө бак!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
miranda
2012-08-14 17:55:39
даа менда кызымды бала бакчага бере албай журоом....
0
nelli
2012-08-15 18:02:16
биз да эжемин кызын бала бакчага бере албай аябай эле чуркаганбыз. Баарында эле орун жок, ата-энеси кайда иштейт,айлыгы канча деп сурайт. Эшиктен киргенинде эле устундогу кийимини карап анан жооп беришет экен.
0
№ 510, 10-16-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан