Асек Казиев, балдар акыны: «БАЙДЫЛДАДАЙ АКЫН БОЛОМ ДЕП 30 ЖЫЛ УБАКТЫМ КЕТТИ»

Алтын калем

Балдардын жан дүйнөсүнө жакын жагымдуу ырларды жаратып келген Асек Казиев чыгармачылыкка кеч киришкен. Учурда каарманыбыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, 9 китептин автору жана 3 уул, 3 кыздын сыймыктуу атасы, 10 неберенин чоң атасы. Айылда жатып да балдар адабиятына ат көтөргүс салымын кошуп келе жаткан Асек агай менен маектешип калдым.

– Агай, бөбөктөргө арналган чыгармалардан улам балалыгыңызды эске салсак деп турам...
– Менин бала чагым Ысык-Көл облусуна караштуу Чырак айылында өттү. Топ ойноп, кулун минип, урушуп-талашып, айтор, кызыктуу көз ирмемдер көп болду. Бала кезимде көп нерсеге кызыгып, бирок аягына жетпей таштап салган хоббилерим бар эле. Кыбыр эткендин баарына кызыгып эле жүрчүмүн.
Чоң атам үйүнө “Манас” эпосун, “Эр Төштүк”, “Курманбек”, “Жаныш-Байыш” сыяктуу кенже эпосторду чогултуп алып, мага окутчу. 70 жаштан ашкан Турдакун деген киши эле. Ал кат таанычу эмес. Ошентип, 8-классты бүткүчө эпосторду беш-алты сыйра окуп чыктым окшойт. Менимче, чыгармачылыкка кызыгып калышымдын себеби ушундан улам болсо керек.

– Шыгыңыз эрте ойгонгон экен, эмнеге чыгармачылыкка кеч аралаштыңыз?
– 10-класста окуп жүргөн кезимде борбордон акындар келип, эл менен жолугушуу өткөрүшкөн. Ошондо бир киши акындарга “жазсаңар Байдылдадай жазбайсыңарбы, жазбасаңар кагазды булгабай жөн койбойсуңарбы...” деди. Ошол сөзгө катуу таасирленип калган экем, “акын болсом Байдылдадай болом, болбосом болбойм!” деп жүрүп 30 жылдай убактымды бекер өткөрдүм.

– Кийин Байдылда акын менен жолугуп, анын жолун жолдоо мүмкүнчүлүгү түзүлдүбү?
– 2004-жылы “Сарногоевге салам кат” деген поэма жазып, ал кишиге алып бардым. Окуп берсем, ал киши ак батасын берди. Ошондон тарта чыгармачылыкка шымалана кириштим.

– Эмне себептен балдар адабиятына ыктадыңыз?
– Мен жогорку билим алган жокмун, орто мектепти гана аяктадым. Бирок Жараткан шык бергенден кийин ал баары бир чыгат экен, минтип акын болуп да калдым. Караколдо Үсөнбек Асаналиев деген филология илимдеринин доктору бар, ошол адам “тилиң жакшы экен, колуңдан келет, балдар үчүн китеп жазбайсыңбы...” деп айтып калды. Үсөнбек агайдын айтуусу менен “Тамгалар ырдайт” деген аталыштагы китеп чыгардым. Ошону менен балдар адабиятына ооп кеттим. Анын үстүнө балдардын жан дүйнөсү ушунчалык таптаза, калп айтканды билбейт. Сен эмне айтсаң, ошого ишенет да.

– Балдар жазуучусу, демек, бала кыял турбайбы?
– Ошондой болсом керек. Кээде неберелериме кошулуп ойноп кетем. Бөбөктөр менен сүйлөшүүдөн тажабайм, ал эми чоңдор менен маектешкенде алардын көздөрү сынап карап жаткандай туюлат.

– Маегиңизге чоң рахмат!


ТУШОО ТОЙ

Асек Казиев

Багелекти түрүнүп,
Балдар чуркайт жүгүрүп.
Тушоо тойдо жарышып,
Байге алышат сүйүнүп.

Каз, каз, тай күлүк,
Кадам шилте жүгүрүп.
Бакыт каалап чоң атаң,
Бата берет сүйүнүп.

Аргымакча түйүлүп,
Атаандашып күйүгүп.
Чымылдашып жарышып,
Чыгып келсе сүйүнүп.

Тай, тай, тай күлүк,
Талпын алга жүгүрүп.
Теңир-тоолук таятаң,
Тай энчилейт сүйүнүп.

Катар сапка тизилип,
Кыздар чуркайт жүгүрүп,
Тай-тайлашып бөбөктү,
Тушоо кесет сүйүнүп.

Кана, кана, тай күлүк,
Кадам шилте жүгүрүп.
Токсондогу чоң энең,
Тилек айтат сүйүнүп.

Асхат Субанбеков
balakai@super.kg

 Кыстарылган видео 
Асек Казиев: "Ханда жок байлык менде бар"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
historic
2012-08-20 11:14:11
Байдылдадай акын мин жылда бир жаралат
0
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан