КӨНӨЧӨК КИЙГЕН ТҮЛКҮ

Жомоктор казынасынан

Илгери бир кемпир-чал болуп, алардын жалгыз кара ую бар экен. Уюнун сүтүн ичип, каймагынан каттама жасап жеп күн көрүшчү. Кемпир табакка жыйнаган каймагын тактанын алдына койчу. Муну бир шум Түлкү байкап калып, күн алыс келип жеп кетчү болот. Кемпир аны мышыгынан көрүп, эми каймакты оозу тар көнөчөккө куят.
Күндөрдүн биринде Түлкү кемпир-чалдын үйүнө дагы келет. Каймак табакта эмес, көнөчөктө экен. Түлкү жан талашып жатып көнөчөккө башын салып, каймакты жеп алат. Анан башын чыгармакчы болду эле, бирок болбоду. Башын куткарар эмес. Түлкүнүн айласы кетти да:
– Көнөчөк аке, эми тамашаңды кой. Ушунча убара кылганың деле жетишет. Үйдө бачикилерим калган, коё бер!- деп жалынды.
Анда Көнөчөк ага кекээрдүү сөзүн жөнөттү:
– Кайран Түлкүм, келип жатат күлкүм. Сени конокко чакырдым беле, эми "коё бер" дебе. "Каймак жейм" деп үйгө киресиң, анын таттуу экенин билесиң. Мен бир аз тамашаласам, “үйгө барайын, бачикилерим бар” деп чебелектейсиң. Жок, сен эми үйгө барбайсың, башыңды көнөчөккө салбайсың!
Түлкүнүн күйбөгөн жери күл болду.
– Эмесе, сенин жазаңды берейин, өзүңдү сууга агызып жиберейин,- деп Түлкү өзөндү көздөй жөнөдү. Келип башын сууга салды. Көнөчөккө суу толуп, Түлкү тумчугуп калат. Ошентип, куу Түлкү суктугунун айынан дал ушинтип өлгөн экен.

Алмагүл Турдалиева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан