Муштумдай, кызыл, тоголок,
Жер бетинде чоңоёт.
Алмабы деп талашпа,
Аны туурайт салатка. (Помидор)
Сары алмурут салаңдап,
Илинип турат үйүмдө.
Алайын десем жетпеймин,
Жетсем дагы жебеймин. (Лампочка)
Өзү таттуу, мупмуздак,
Бирок аны ичпейсиң.
Алып берсе идишин,
Катыратып бүт жейсиң. (Балмуздак)
Отурат сулуу ороодо,
Чачы чыккан короого.
Жакшы көрөт коёнек,
Курсагы дале тоё элек. (Сабиз)
Гүлдөн гүлгө конушат.
Балдар кармап ойношот,
Бардык жерде болушат. (Көпөлөк)
Жалбырагы жайкалган,
Кооз чөп экен байкасам.
Тере албадым аны мен,
Чагып алды кармасам. (Чалкан)
Мөлтүрөп, тизип койгон шуру десең,
Оозуңа балдай тамат, үзүп жесең. (Жүзүм)