Өткөн саныбызда Нарын шаарынын мектеп окуучулары үчүн бирдиктүү форма киргизилип жатканын жана анын 12-августтан тарта сатыла башталары тууралуу жазган элек. Бирок 13-август күнү мектеп жарманкеси уюштурулуучу “Намыс” спорткомплексинде талаш-тартыш жаралды. Анда комплекске жакын жайгашкан базардын сатуучулары келип, жарманкени токтотууну талап кылышкан. Сатуучулардын айтымында, бирдиктүү форманын жарманкеси алардын соодасына кедергисин тийгизет. Жаалданган эки тараптын тиреши жарманкенин жабылышы менен аяктады. Атүгүл көчөлөргө илинген жарманкенин көрнөк-жарнактары да алынып салынды. Азырынча бирдиктүү форма киргизилеби-жокпу, сатылабы-жокпу белгисиз бойдон турат.