ДҮЙНӨЛҮК ОЛИМПИАДАДАН КОЛО АЛДЫ, БИРОК КОЛДООГО ТАТЫБАДЫ
Эсиңизде болсо, Нарын шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Калысбек Абыкешов АКШда өткөн химия боюнча Эл аралык Олимпиадада 3-орунду алып келгендиги жөнүндө жазганбыз. Убакыт таап, Калысбек менен маек курдук. Калысбек 1994-жылы 6-февралда Панфилов районунун Кайыңды айылында туулган.
– Калыс, жеңишиң кут болсун! – Рахмат.
– Олимпиадага канча мамлекеттен окуучулар катышты? – Дүйнөнүн 72 өлкөсүнөн катышты. Ар бирибиз өз билим деңгээлибизди теориялык жана практикалык турларда көрсөттүк. Практикалык турда жалпысынан 40 балл алыш керек эле, мен 34 балл топтодум. Ал эми теориядан 60 болуш керек эле, андан 38 балл топтодум. Мындай көрсөткүчкө өнүккөн өлкөлөрдөн келген окуучулар жеткен жок.
– Барып келгениңе ким колдоо көргөздү? – «Себат» билим берүү мекемесинин каржылоосу менен барып келдик.
– Келгенден кийин жогорку жактан куттуктоо, балким, жолугушуулар болгондур? – Жок, эч нерсе болбоду. Бизге окшогон жаштарга колдоо көргөзүшсө, илим жаатында мыктылар чыкмак. Азыр көбүнчө спортко көп көңүл бурулуп, билим, илимге такыр эле көңүл бурулбай калгандай.
– Кайсы ЖОЖго тапшырдың? – Түркиядагы ЖОЖго тапшыргам, бирок ал жактын шарттары бар экен. Азырынча чече элекмин, балким, бул жакта калышым мүмкүн. Кайсы бир ЖОЖ “бизге окууга кел” десе, ойлонуп көрөм.
– Калысбек, келечекте дагы көп жеңишти багындыр.
Кыстарылган видео
Кыргыз окуучусу дүйнөлүк олимпиададан коло алды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
балл жакшы эле алыптыр колдоо корсотуш керек болчу уят эле
+1
messidinho
2012-08-20 18:36:47
каякта, спортко да конул бурулбай эле жатат го
+1
ZarinaSM
2012-08-20 22:25:11
азамат,биздин чрндорго не надейся((алар жегенди эле билишет!!!!!!!
+2
PATRIOT.KG84
2012-08-21 01:23:40
Акыркы жылдары биздин олкону жаштар таанытып жатат дуйного.Молодец.
+1
timan86
2012-08-21 11:37:20
АЗАмат сага ийгилик . Эгер сен 100мин доллар же 50мин доллар утуп келгенинде чондор оздору издеп бармак уйуно 10пайызын мамлекетте толо деп аларга акча утуп келсен эле карайт болбосо жок
+2
eka555
2012-08-21 13:22:56
анан жаштар не эле чет мамлекетке кетет дешет, мына карабасанар ушундай таланттарды,колдобосонор анан алар деле акы-бети кайткан, май талкан издеп кетишет да ээй мамлекет!!!!
+1
Bekusha
2012-08-22 16:27:10
Azamat myndan arky okuularyna uigilik, dagy Kyrgyzstandyn keregine jaragan poriot myrzasynan bol!!! Senin imenno Naryndan chykkanyn meni kubandyrat
+1
yoma.kg
2012-08-22 19:12:04
Кыргыз-Түрк лицейине рахмат, таланты бар балдарга колдоо корсоткону учун!
Биздин мамлекетте эч бир колдоо корсотуу деген нерсени умут деле кылбайсын,,,..Мыкты жаштар толтура.Спортко да,билимге да,маданиатка да дегеле жарытарлык конул бурушпайт,,биздин чондорубуз бирин бири чукуганды,,башка олколордон акча алганды эле билишпесе,,,.!..Ээч кандай умутун деле калбайт,,дагы жаштар чет олколорго кетишет деп койушат,,мындай акыбалда МЫКТЫ жаштардын Кыргызстанда коп болушу да кумон..,..Ал эми бул Женуучу мекендешибизге ийгилик,оркундогон билим каалайм.,,,СЫЙМЫКТАНАБЫЗ...
0
emilkyrshab
2012-08-24 15:05:34
бизде андай ийгиликтерди куттуктаганга убакыт жок,себеби ажообуз баш болуп өз арыгына суу буруп келүү аракетин күчөтүп жаткан убак,сен өз арыгына суу буруп келе бер,биздин жогорудан пайда жок,үмүттөнбөй эле койсо деле болот... БАРАКЕЛДЕ!!!
0
Rake
2012-08-24 17:26:10
Кандай Министр, ошого жараша анын аппараты. Канат Садыков озу илимде эч нерсени кыйраткан киши эмес, анан ал илим-билимдин баркына жетмек беле? Эптеп бир кокусунан бийликке келип калган кокуй неме.
0
paaatriot
2012-08-25 13:24:34
Бул жерде кеп бул жигит "ТҮРК" лицейинен чыкканы үчүн колдоого алынган эмес. Мындайлар абдан көп. Дүйнөлүк окуучулардын олимпиадасына бул окуу жайлардан көптөгөн жигиттер барып келишти. Мен ойлойм ошол жака барып келүүнүн өзү мактоого татыктуу. Эинегедир биздин чоңдор (кичинелер деле)түрк лицейлерден чыккан балдарды өгөйлөшөт. Эмне ал жерде башка улуттун балдары окуп жаты
0
Boss77
2012-08-25 21:34:16
Каякта спортчуларга колдоо корсотулбой келет Лондондо коло медал алган жокко даже.../ Олимпиада комитетида коррупцияга батканго акча бергенин жонотуп дегендей....
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.