«АТА ӨНӨРҮ БАЛАДА»

Ушундай чакырылыштын алдында Нарын шаарынын “Алма-Бак” эс алуу сейил багында 14-август күнү райондор аралык “Ыр кесе” болуп өттү. Президент жар салган Үй-бүлө, ынтымак, тынчтык жана кечиримдүүлүк жылына карата жер-жерлерде губернатордун демилгеси менен “Ыр кесе” уюштурулган.
Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова иш-чара тууралуу: “Быйылкы жылы “Ыр кесени” мамлекет башчынын жа­рлыгына ылайык тематикада өткөрүп жатабыз. Мугалимдер, медиктер, кол өнөрчүлөр, орган кызматкерлеринин ичинен та­лант­туу үй-бүлөлөрдү тандап алдык. Мисалы, атасы комуз чертсе, апасы ырдаса, уулдары кыяк тартып, түрдүү өнөрлөрүн тартуулашат. Ошондой эле ар улуттун өкүлдөрү да катышып, “Ыр кесенин” максаты болгон биримдикке чакыруу, ынтымакты даңаза­лоо демилгесин ишке ашырып отурабыз. Албетте, иш-чаранын жүрүшүндө элдин арасынан нукура өнөрпоздорду да таап калышыбыз ыктымал”,- деди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан