Аймактарга редакциябыздын кеңселерин ачуудагы башкы максат – окурмандарыбызга жакын болуу. Арыз-дартын же кубаныч-сүйүнүчүн бөлүшкүсү келгендердин баары эле Бишкекке келе албайт да. Нарындагы кеңсебиз жаңы ачылганда эле орто жаштагы киши баш багып калды. Угуп отурсаң, Теңир-Тоонун бүт сыры анда катылгандай.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Бактыбек Асакеев 54 жашта, учурда Нарын шаарында жашайт. ИИМдин ардагери, учурунда Каржы полициясында да эмгектенген. Өзү жаратылышка байланыштуу кызматта иштөөнү бала кезинен каалаган экен. Органдагы кызматын тапшыргандан кийин Нарынга келген туристтер менен иштешип, аңчылыкка чыгып, эң кызыктуусу, сай бойлоп түркүн түстүү, түрдүү формадагы таштарды чогултуп келет.
– Көпчүлүк көңүл бурбаган, күндө тебелеп-тепсеп өтүп кеткен таштарга кандайча кызыгып калдыңыз?
– Кичинемде эле, атам менен сайга балык уулоого барып жүргөндөн тарта кызыга баштагам. Андан кийин ортодо унутта калып калды. Кийин жумуштан отставкага кеткенде убакыт кенен болуп, кайрадан кызыгуум ойгонду. Биринчи тапкан ташымдын учу гана көрүнүп туруптур, мындан алты-жети жыл мурун го дейм. Карасам, бети оймо-чиймеленип, жаныбарлардын элесине окшошот. Ташты казып, кийин эки-үч кишилеп үйгө көтөрүп келдик.
Ага чейин Нарын суусунун жээгинен чет жердиктер, айрыкча корей улутундагылар таштарды атайын терип кетет деп угуп калчумун. Беш-алты жыл мурун корейлердин тобу келип, Кочкор, Кара-Кужур сууларын бойлоп, Ат-Башыны аралап, өтө көп сандагы, өзгөчө кара таштарды алып кетишкен. Жалал-Абаддан жылаңач аялдын айкелине окшош ташты да таап алышып, кийин аны 1 миллион долларга сатышкан деп уккам.
Ошентип, мен да акчасына эмес, жөн гана таш искусствосун терең сыйлаган адам катары балык кармаганы чыккан сайын көрүнүшү кызыктуу, кичине-чоң таштарды топтоого кириштим.
– Бул таштарды кандайдыр бир максат менен чогултат чыгарсыз...
– Октябрь айында таштардын көргөзмөсүн уюштурайын деп жатам. Шарттан пайдаланып, түрдүү формадагы таш чогултуучуларды жардамга чакырам. Бекер эле берсе, андан жакшы, сатып алууга деле даярмын.
– Ташты сатып аласызбы?
– Эмнеге болбосун? Арзан бааны айтса, албетте, алам. Азыр мен чогултуп жаткан таштардын тагдыры келечектин колунда, бир күнү алар чоң баалуулукка ээ болуп чыга келиши мүмкүн. Нарында жумушсуздар көп дешет, биз ташты сатып деле байысак болот.
– Сиз таштан киреше табуунун булактарын да изилдеп чыккан окшойсуз...
– Интернеттен карадым. Япон менен корейлер таштардан бак жасап коюшат экен. Акыркы учурда мындай көрүнүш Орусияда мода болуп жатат. Жер үйдө тургандар короосунун ичин ар кандай таштар менен кооздоп чыгышат. Менде алардан жүз эсе кызыктуу таштардын коллекциясы бар. Демек, кыргыз эли өтө бай жердин кожоюну экенин далилдесе болчудай.
– Кайсы бир жердин атагын ашыруу үчүн жөө жомок, уламыш керек. Нарында ушундай барбы?
– Бизде жапайы адамдар бар. Чын. Алар Арпа жакта болушат. 1998-1999-жылдары жапайы адамдарды жергиликтүү эл көрүп калыптыр эле. 2001-жылы ошол көргөндөрдүн эки-үчөөсүнө мен бир кызматкеримди кошуп, иликтеп келүүгө жөнөткөм. Алар жапайы адамдын изин видеого тартып келишкен. Ошол кассета менде сакталуу. Издин чоңдугу гезиттин бир бетиндей десем жаңылышпайм.
Кийин көбү келип канча издешти, бирок таппай кетишти. Алар жапайы болсо деле адам. Оңой менен карматышпайт. Бирок алар дале ошол өрөөндө жашаарына ишенем. Кызыккан адамдар болсо, Арпага жакын аймактагы элден, чек арачылардан сураштырса эле белгилүү болуп чыга келет.
Эльвира Караева, Алмагүл Турдалиева
naryn@super.kg