8 ОКУУЧУСУ БАР МЕКТЕПТИ ЖАБУУ СУНУШТАЛУУДА

Каржы министрлигинин сунушу менен Кара-Суунун Учкун айылындагы Жаңы-Турмуш мектеби жабылышы мүмкүн.
Тагыраак айтканда, 8 окуучусу жана 1 мугалими бар мектеп жылына 800 миң сомдой акчаны талап кыларынан улам каражатты үнөмдөө үчүн бул мектепти жабуу сунушталууда.
Балдарды болсо коңшу айылдарга унаа менен ташып окутуу керектиги айтылууда. Бирок мектептин жалгыз мугалими жана ата-энелер мындай кадам кыйынчылык жаратарын айтып чыгышты.
Жаңы-Турмуш мектебинин директору Маматазим Машаев жаңы окуу жылына карата даярдык бүтүп калганын айтат:
– Жылда бизде 9-10 окуучу болчу эле. Быйыл 8 окуучу келиши керек. Ошондуктан биздин мектепти «карлик мектеп» деп коюшат. 1-класста 3, 2-класста 1, 3-класста 2, 4-класста 2 окуучу бар. Ошолордун баарын кошуп, бир класс кылып окутабыз да. Башка айла жок, болгон балдарды алып келебиз да мектепке. Буюрса, сентябрдан баштап бардыгы сабакка келишет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
aybekerlan
2012-08-20 11:53:21
айына 66 000 сомдон болунот экен.
окуучу-8,
мугалим-1,
Зав.уч-1,
Завхоз-1
Пол жуугуч-1,
Кароолчу-1,
Директор-1.
Бухгалтер-1. бул эми тамаша. Канча киши иштейт экен,так маалымат барбы?
0
aote
2012-08-20 12:45:48
direktor da,zavuch da,agay da,zavhoz da 1adam b.o k.k...
0
Aisi-orhidey
2012-08-20 13:56:32
aote :-D. Балдарын интернатка беришсин.
0
tilekbek
2012-08-20 19:15:49
20 мин долларга ат сатып алып жатат эмне болуптур окушсун балдар биздин келечек Aisi балалуу болгондо билесин мен билем болбогун
0
mangyt76
2012-08-21 00:17:59
жаны кыштак деген айыл бул лолу маала(оштогу) го менимче аларда балдар окубайтда
+1
semakg
2012-08-21 22:28:12
mangyt76 Учкун айылындагы Жаңы-Турмуш мектеби деп турбайбы? макалааны тоолук окудунбу озу?
0
azapraza
2012-08-21 01:01:56
Hahaha. Bul ne? 8 okuuchu? Vecherlerde kantiwet? Ar bir klassta biden okuuchubu je 8 okuuchu bir ele klasstaby?
0
Janym91
2012-08-21 17:56:39
azapraza, жакшырап окусан боло ар бар класста 2 3тон деп жазып туратко!
0
kumushai
2012-08-21 18:25:13
ой ушундай да болберет бекен элестетип атам бир класста бир окуучу отурса классташтары жок экенда анда....ваще хаха го э...)))))))))))
0
Ханбийке
2012-08-22 02:02:12
иииии азыркы заманда да ушундай мектептер барбы? Дароо эле Чынгыз Айтматовдун "Биринчи мугалими" эсиме тушту.
0
nazi25
2012-08-23 13:16:20
Дуйшон агайдын мектеби дагыле барбы?тообо.
0
Adeli
2012-08-23 21:44:26
Баар,,мен коргом ал мектепти,билим денгеели да ото томон,кийин кобунчо окубай коюшат,андан коро жаап салганы жакшы го!балдарды башка мектепке беришет да
0
Sheva
2012-08-25 11:53:05
Гиннеске киргизип коюшпайбы,жаппай эле:-))
0
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан