14-август күнү Баткен районунун Туура-Таш айылында Баткен чек ара отрядынын жаңы имаратынын расмий ачылышы болду.
Иш-чарага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен, Стивен Николас баш болгон АКШнын Борбордук командачылыгынын өкүлдөрү, КРнын Чек ара аскерлигинин жетекчилери, Баткен облустук администрациясынын өкүлдөрү катышты. Бул имарат 12 үй-бүлөгө ылайыкташтырылып, офицердик курамдын турак жайы, казарма жана ашкана бар.
КРнын Чек ара аскерлигинин командири, генерал-майор Закир Тиленов АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен АКШ башкы командачылыгына Баткен чек ара отрядынын имаратын курууга жардамдашкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындай колдоо өлкөнүн түштүк аймагындагы чек ара коопсуздугун камсыз кыларын кошумчалады.
Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков да конокторго ыраазычылык сөзүн айтып, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратленге, КРнын Чек ара аскерлигинин командири, генерал-майор З.Тиленовго райондук администрациясынын Ардак грамотасын тапшырып, чек ара отрядынын жаңы имаратына түстүү сыналгыны белек кылды.