3 АЙЫЛ СУУСУЗ КАЛДЫ

Жалал-Абад облусунда Ала-Бука районунун 3 айылы сууга чаңкап турган кези. Ак-Там, Кызыл-Ата, Жапа-Салды айылдары суу тартыштыгынан эгиндери кургап калуу коркунучу астында турат. Ак-Там айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчиси Мурзафар Мамбетовдун айтымында, канал куруу маселеси чечилген. Эгер канал салынып бүтсө, 700 гектардан ашык жер суу менен камсыз болмок. Дээринде бул айылдарга суу Чанач-Сай дарыясынан келет. Бирок өкмөт аралык келишимге ылайык, суунун кайсы бир бөлүгү Өзбекстанга өткөрүлөт. Ал суу коңшу өлкөгө бетон каналдар жана темир түтүктөр менен жиберилсе, биздин айылдарга атайын арыктар менен жеткирилет. Ошол себептен ушундай кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышканын да кошумчалады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан