СҮТ: ИЧСЕМБИ, ИЧПЕСЕМБИ?

Сиз “галактика” деген сөз латын тилиндеги “лакта” – “сүткө тиешелүү” деген сөзүнөн келгенин билчү белеңиз? Биздин эбегейсиз чоң жылдыз системабызды да “Млечный путь” (сүттүү жол) деп аташат. Баланын тамагынан өткөн эң биринчи азык бул – сүт. Демек, сүт жашообуздун маанилүү бир бөлүгү десек жаңылышпайбыз.

Сүт – жашоонун бир бөлүгү

Сүттүн баалуулугун билбегендер арабызда аз эмес. Мисалы, сүт канты же лактоза сүттөгү жалгыз углевод болуп эсептелет. Лактоза – оору жаратуучу микробдордун өсүүсүнө тоскоол болот. Бул пайдалуу микрофлора үчүн ыңгайлуу. Мындан сырткары, сүт канты кальцийдин жакшы сиңирилишине жардам берет. Сүттөгү белок менен майдын катышы эң идеалдуу.

Изилдөөлөргө таянсак, кыргызстандыктар сүт жана сүт азыктарын физиологиялык нормадан эки эсе аз колдонушат. Ал эми аталган норма жылына 390 килограммды түзөт. 1980-жылдардын ортосунда Фрунзедеги шаардык сүт заводу суткасына 250 тонна сүт азыктарын иштетип чыгарчу. Жарым миллион калкы бар Фрунзе ошол азыктарды толугу менен ичип-жегенге үлгүрчү. Сүт, каймак, айран, ряженканы ал жылдары таң эрте дүкөндөрдөн гана сатып алуу мүмкүн эле. Бул азыктар ошол кезде абдан популярдуу болуп, дүкөндөрдүн алдында узун-узун кезектер жаралчу. Чындыгында, ошол заманда сүткө баа дагы арзан болгондугун айта кетпесек болбос. 1991-жылы биздин республика сүттөн жасалган азыктарын колдонуу боюнча нормативдик көрсөткүчкө дээрлик жакындаган эле. Бирок Союздун кулашы буга жол бербеди.

Көчөдөгү сүт сатуучулардан абайлаңыздар!

“Сүт – табият өзү белек кылган эң сонун азык. Жаңы туулган ымыркайдын эң алгач таткан даамы – энесинин сүтү. Сүт биз колдонгон тамак-аштын эң маанилүү бөлүгү, бирок бул азыкты тандоодо да бир аз баш катырыш керек”,- дейт КМТУнун азык-түлүк технологиялык өндүрүү кафедрасынын профессору Мусульманова Мукарама Мухамедовна. “Сүт” темасы профессорду 20 жылдан бери жандап жүрөт. Мукарама Мухамедовна – бул жааттагы кыйын адис.

«Бүгүнкү күндө шаардагы үйлөрдүн ар бир короосуна жакынкы айылдан сүт сатуучулар келишет. Мына ошол сатуучулардын сүт азыктары кандай даярдалганын, тазаланганбы же жокпу, алардын коопсуздугун далилдеген документтер бар-жок экенин билесиздерби? - деген суроолорду узатуу менен бирге Мукарама Мухамедовна төмөнкүлөрдү айта кетти. “Сүт азыктарын даярдоо, сактоо жана жеткирүү процесси, ошондой эле азыктын кандай идиште сакталары чоң таасир этет. Сүттүн чөйрөсү – ар кандай ооруларды туудуруучу бактериялар үчүн өтө ыңгайлуу чөйрө. Жарык нурлар витаминдерге терс таасирин тийгизип, аларды жок кылат. Кычкылтек коопсуз болбогон микроорганизмдердин көбөйүп-өсүүсүнө өбөлгө болот. Мен колдонуучуларды базарларда куюлуп сатылган сүттү алуудан баш тартыңыз дегим келет”,- деп эскертет Мукарама Мухамедовна,- бул абдан кооптуу. Ал сүттү эч ким текшерген жок да! Сиз сүт сатуучулар колдонгон пластик бөтөлкөлөрдүн кайдан келгенин билесиздерби?». Сүт – туберкулёз жана ичеги таякчалары, бруцеллёз, сибирь жарасы, стрептококк, ириң микрофлорасы үчүн жагымдуу жай. Булардын арты менен уулануулар менен оорулардын пайда болору анык.

Чечим бар!

Албетте, сүттү кайнатып ичсе болот. Азык жок дегенде 5 мүнөткө чейин кайнатылышы керек. Бирок кайнатканда сүттөгү бардык пайдалуу витаминдер өлүп же мискейдин түбүнө жабышып жок болот.

Маселени чечүүдөгү эң туура жол – стерилизацияланган сүт. Мисалы, биздеги “Бишкексүт” мекемесинде сүт азыктарын даярдоодо заманбап технология колдонулат. Сүт 135-137 градуска чейин ысытылып, 2-3 секунддун ичинде кайнатылат да, тез эле суутулат. Жыйынтыкта, жугуштуу, зыян бактериялар жок болуп, пайдалуу элементтер сакталып калат. Андыктан пакеттеги сүт көпкө чейин сакталып, колдонуучуга пайдалуу бойдон жетет.

Сүт азыктары сакталган пакеттер дагы чоң мааниге ээ. 6 каттан турган пакет азыкты күн нурларынан, абанын кычкылдандыруучу таасиринен коргойт. Мындай пакетте сакталган сүттү кайрадан кайнатып отурбай, колдоно берсе болот. Кыргызстандагы пакеттелген сүттөрдү өндүрүүчү мекеме бирөө гана – “Бишкексүт” ААК (“Вимм-Билль-Данн” соода маркасы).

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aminali
2011-02-21 02:37:03
Jakwi jarnama eken Biwkeksutko,aildan kelgen suttor nukura taza sut,jamandabagila4i men garantiya berem.
0
19912806m
2011-03-26 19:07:25
Ооба туура айтасыз,Рекламага канча толоп берди экен?кызык
0
№ 336, 10-16-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан