Жайдын ысык күнүндө сейил бакка барып бир аз да болсо сергип алсам дейсиң. Жалал-Абад шаарында көзгө басар эски аталышы ВЛКСМ, азыркы аталышы “Жеңиш” деген сейил бак бар. Бирок бул жакта жашоо жымжырт. Жетелеше баскан жаштар бирин-серин эле болбосо, аттракциондору турган жайынан жылбаганына көп болгон. Эгер бул бакты өгөйлөнтпөй көңүл бөлүп, жашылдандырып, оюн-зоокторду көбүрөөк уюштурса, сейил бак оор уйкудан ойгоно түшөт беле?.. Ансыз деле жаштар кайда барып эс аларын билбей жүрүшөт.