Жалал-Абад шаарынын Курманбек кичирайонунда 150 орундуу балдар бакчасы курулуп жаткан учур. Алгач 50 орунга пландалган бала бакча тургундардын талабына карата 150 орунга ылайыкташтырылган. Прораб Бакыт Садыковдун айтымында, жумушчулар З маал ысык тамак менен камсыз болуп, каалоочулар үчүн жатакана да бар.
Учурда курулуш иштерине 1 экскаватор, 1 самосвал, 1 жүк ташуучу машина тартылган. 5 бригададан турган 35 жумушчу эмгектенип жатканы менен, жакынкы күндөрдө алардын саны 50гө жетиши мүмкүн. Жалал-Абад мэриясынын каржылоосу астында курулуп жаткан балдар бакчасы ушул жылдын 20-сентябрына бүткөрүлүп, толук колдонууга берилери пландалып жатат.