АК-БУЛАКТАГЫ МОЛДОЛОР ЧЫРЫ

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Ак-Булак айылында жергиликтүү калк айылдык имамдын жасаган иштерине нааразычылыгын билдирип, айылга келген дааватчыларга каршы болууда. Бул маалыматты угуп, маселе тууралуу жакындан таанышып, анын себеби эмнеде деген суроого жооп издеп көрүүнү чечтик.

Үстүбүздөгү жылдын 10-август күнү Ак-Булак айылдык Маданият үйүнө эл таң заардан эле чогула баштады. Ал жерден айыл өкмөтүн, милиция кызматкерлерин, молдокелерди жана карапайым элди кезиктирүүгө болот. Чогулган элдин саны 100дөн ашык. Чогулушка Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсейитов, Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы Айгүл Өзүбекова, Ысык-Көл облусунун казысы Алмаз Сагындыков, Ак-Суу райондук имамы жана Ысык-Көл облустук укук коргоо башкармачылыгы чакырылган экен.
Мындан 8 ай мурун Ак-Булак айылында дин иштерин көзөмөлдөөнү Байбосунов Асанмухаммед аркалап, эл анын ишине ыраазы болчу. Бирок Асанмухаммед молдо муфтият өткөргөн аттестациядан эки жолу өтпөй калган. Анын ордуна Имангазы уулу Исмайыл шайланган. Азыр Исмайыл имамдын ишине калктын нааразычылыгы көбөйүп кеткен. Мисалы, июль айында Ак-Булак айылынын 93 жаштагы Сагызбай аттуу аксакалы каза болуп, анын үй-бүлөсү мал сойбостон, сөөктү 7 сааттын ичинде жерге жашырышкан. Ошондон улам айыл элинин маркумдун балдарына, айылдык имамга болгон нааразычылыгы күчөгөн. Айыл тургундары “Исмайыл молдо кыргыздын каада-салтын бузуп, сөөк жашырууда салтыбызды колдонтпой, деги эле жашоодо жаштарды туура эмес тарбиялап жатат” деген ойлорун айтышат.
Жуман Алдакеев, аксакал: “Мен Куранды которгон кишимин. Сөөктү, негизи, жерге 6 саатта коюш керек. Бирок узун чапан кийип, сакал өстүрүп, өспүрүм кыздарга жоолук салып, бети-башын орогон туура эмес”,- дейт. Ал эми Динар аттуу айым: “Ата-энени сыйлоо акыркы сапарга узатууда да билинет. Жоктоп ыйлап, сөзсүз мал союп, өлүккө келген куда-сөөккө жакшылап тамак берүү шарт. Молдокелер болсо “өлүктө ыйлаба” дешет”,- деп күйүп-бышты.
Ал эми дүйнө салган Сагызбай аксакалдын уулу Акматов Мухаммед: “Атам "көзүм жумулса, сөөгүмдү эртерээк жерге койгула" деген керээзин айткан. Биз, туугандары, анын керээзин аткардык”,- деген оюн билдирет.
Чогулуштун катышуучулары Ак-Суу районунун имамын сүйлөтпөй, “ток этер жерин айт, сени укпайбыз” дешти. Ал эми облус казысы башта түшүндүрүүгө аракетин кылса, акырында “өзүңөр билгиле” дегенге аргасыз болду.
Элдин талап кылганы: айылдын имамдыгына мурдагы Асанкары молдону кайрадан бекитип берүү, намаз окуган айылдыктар сакал-мурутун алып, узун чапанын чечип, жөнөкөй адамдардай жүрүүсү, мектепке окуучулар жоолуксуз келүүсү болду.
Ысык-Көл облусунун казысы Сагындыков Алмазды кепке тарттык:

– “Бүгүнкү имам, дааватчылар кыргыздын каада-салтын бузуп жатышат” дегенге оюңуз...
– Кыргыздын айрым бир каада-салттары динге туура келбесе, аны колдонбошубуз керек. Дааватчылар өздөрүнө берилген көрсөтмөлөр менен чектелиши зарыл. Салт өзгөрүлүп турат. Ал эми шарият өзгөрбөй турган нерсе экенин эскертким келет.

– Байбосунов Асанмухаммед жумуштан эмнеге кеткен?
– Бир жолу ал молдокенин ичимдик ичип алып мечитте жүргөнүн Ак-Суу районунун имамы көрүп калган экен. Тактоо үчүн ага Куран кармата келгенде Асанмухаммед молдоке аны ыргытып жиберген. Биз, албетте, ыйык Куран китебин кармап сөз берген адамга ишенебиз да.

– Эми айыл имамы ким болот?
– Кимди молдо кылып шайлашат аны айыл эли өздөрү эле чечип жатышат. Бирок мен облус казысы катары ал кишини имам деп эсептебейм.
Акырында чогулушка катышкан жетекчилер калк койгон талап-сунуштарды оң жагына чечүүгө жана көпчүлүктүн суранычы боюнча Ак-Булак айылына мурунку имам Байбосунов Асанмухаммедди бекитип берүүгө сөз беришти.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
nooruz
2012-08-20 11:54:51
Алхамдулиллах мусулманбыз, и салттарыбыз шариатка туура келиш керек.
+2
sabyr86
2012-08-20 12:20:03
эн туура мен да каршымын кыздарыбыздын жоолук салынып.эркектерибиз узун койнок кийип сакал койуп алганына.качан эле кыргыз кыздары оронуп жургон айткылачы.
0
future_kg
2012-08-20 12:47:30
sabyr86, качан эле жарым жыланач болуп журчу! Чуйковтун "Кыргыз кызы" деген чыгармасын корчу?
0
nazi25
2012-08-21 10:55:19
sabyr86, Чем жарым жыланач жургондон коро,сакал коюп,оронуп жургондор мин эсе ойдо!Аллах алардан ыраазы болсун!
+1
balia
2012-08-21 21:03:43
sabyr86, мурда оронгон эмес болсо ээми оронсо эмне болуптур Аллаанын жолуна тушсо кандай жакшы Ылайым Аллаа баардык эле пенделерине ыйман берсе кочодогу кеиткен кополокторда болбос эле.
+1
MederMMM
2012-08-23 11:47:38
sabyr86, Чындыгында Курманжан Датка, Каныкей энебиз суротторунон жана эстеликтеринен корсок акэлечек салынып усту башы жабык, узун кийим кийип турганын байкайбыз. Кыска кыргыз кийимдери кийинчереек СССР кезинде тигилип элге жайылгандыгы да анык. а жаш эле балдардын сакал койуп алганына мен да каршымын.
+4
elka_manas_kg
2012-08-20 13:32:34
azirki ubakta bul masele 1 orunda turat, makul joluk salinsin, makul jarim jilana4 jursun al adamdin oz erki, emne bolso da jurogubuz taza bolsun, bagitibiz tuz bolsun!
0
elnnura
2012-08-20 13:37:40
мен деле каршымын эркектерибиз сакал койуп,койнок кийип алганына же аял эмес же эркек эмес.бул менин ойумча динди туура эмес жеткирген даватчылардын айынана ушундай болуп кетти
+2
sabirdinovich
2012-08-20 21:15:54
Кээ бир адамдар жүрөгүм таза болсо болду деп, арак ичип,тамеки чегип, ачык-сачык кийинип жүрө бергенине таң калам.Алардын минтип жүргөнү жүрөгү таза эмес эле кара экендигинен кабар берет. Себеби жүрөктүн тазалыгы сырткы көрүнүшкө да чагылышы зарыл. Ооба кээсинин сырты жалтырак ичи калтырак,бирок алардын абалын да Алла Таала мыкты билет жана Өзү Гана таразалайт.
+2
nooruz
2012-08-20 16:08:22
Бизден алдыңкылар динди туура эмес жеткирген. Эми эле динди тушугондо, эмне керигибар мындай сөздүн Манста салак болгонго
0
BEKTUR AZHO
2012-08-20 20:50:45
сакал остуруу-бул суннот, остурсо остурсун силерге не, силерге сакал остургон жакпаса, косо болуп алгыла
+1
sardar
2012-08-22 01:49:12
daavatchilardin koobu dindi tuura emes twunup aliwip tuura emes iwterdi jasab koyup atiwat elge islam dinini jaman kilip korsotuwup PAYGAMBARİBİZ AYTKANDAY DİNDE KORKUTPAGİLA URKUTPOGULO SUYUNCHULOGULO
-1
sabyr86
2012-08-23 02:40:28
сакал койуп албай эле.таза туз журуп арак ичпей кудайга сыйынса болот да.же созсуз эле сакал койуп алыш керекпи жапжаш туруп эле жудоп.кыздар жарым жыланач журсо ал мезгилдие талабы
+2
sultan-n
2012-08-23 11:33:47
sabyr86, sizge koshulam!
+1
asdf
2012-08-23 09:50:26
Молдонун айтканын кыл,а кылганын кылба деген чын!!! Адил Б
0
asdf
2012-08-23 09:52:03
Эми сасыган саясат мечитке да жеттиби Кетсин! Келсин! деп элибиз жаман конуп алды Адил Б
0
jigit2111
2012-08-23 10:37:31
эми туугандар булда динден кабары жоктукта а ал Асанмухаммед алардын шартыга конгон учун алар аны колдоп атат бул жерде шариат окум сурбой элдердин каалоосу нафс окум суруп атат дуа кылгыла ошо айылгада дин жеткирсин Аллах барып барып баары калат Аллахтын дини толук окум сургондо иншаАллах
0
alman0808
2012-08-23 21:21:32
Эл аккан суу сыяктуу каяка бурсан ошол нук менен агып жонойт. Туура нукка буруш к.к. Ал нук Ислам дини.
0
Asanbek
2012-08-26 02:46:26
urmattuu okurmandar sakal koiup,joluk salynyp jurgondor kimge zy9nyn tiygizip jatat tuwunboim.ar bir adam oz yimanyna jarawa kiyinetda joluk salynyp tuz joldo jurgonu jakwyby je kyska yubkalardy kiyip alyp diskotekalarda jurgonu jagymduu kodunobu adamga?
0
rohabayke
2012-08-29 22:32:13
кайсыл олук 2-3 же андан коп кун кармалганда тирилип кетти эле? же ошол убакыттын ичинде алыскы туугандары жетип келгенде жаткан жеринен тура калды эле? экинчи жагы болсо Сагызбай аксакалдын каалоосу аткарылыш керек го. бирбирибизге таарынганды коюп ынтымакта жашаганга убакыт тээ качан эле жеткен.
0
maksb86
2012-11-08 05:25:53
Негизи оронуп оз денесин бекитип журсо муну эмнеси жаман а балдарыбызга келсек сакал мурут койобу алып журобу ал озунун иши бирок сакал коюп журуу бул суннот биз Эч качан кафир мамлекеттерден улгу албашыбыз керек мына Араб олколорду карагыла кандай сонун жашоо
0
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан