ЭГИН ЖЫЙНОО КЫЗУУСУНДА

Талас облусу боюнча оруп-жыйнала турган 12 миң гектардан ашык кылкандуу дан эгиндеринин 9 миң гектарга жакыны чабылып бүттү. Бул бардык эгин талаасынын 73 пайызын түзөт. Быйылкы жылга карата дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү жаман эмес. Мисалы, ушул күнгө чейин 8500 гектардан буудай, 600 гектардай жерден арпа жыйналган. Жылдын кургакчыл, климаттык шарттын татаал болгондугуна карабастан, түшүмдүүлүк 1 гектарына 25,5 центнерден айланып жатканын, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,4 центнерге көп экенин айтышты. Ал эми облустун Талас районунда эгинди чабуу иштери кыймылдай элек. Бул жер деңиз деңгээлинен бир кыйла жогору болгондуктан, дан эгиндери тегиз быша элек экендигин билдирет облустук администрациянын басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиев.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан