Талас облусунун үстүбүздөгү жылдын 7 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Тактап айтканда, 7 айда айыл чарба продукцияларынын дүң өндүрүшү 3 миллиард 327 миллион сомду түзгөн. Учурда облуста 13,1 миң тонна эт, 43,5 миң тонна сүт, 1,4 миң тонна жүн, 13,7 миллион даана жумуртка өндүрүлгөн. Бул көрсөткүчтөрдүн баары өткөн жылга караганда жогору. Мындан тышкары 7 айда мамлекеттик бюджетке 181 миллион сом салык түшүп, өсүш 121,1 пайызды түзгөн.