Үстүбүздөгү жылдын 13-августунда Сокулуктагы «Мажзаводская» мейманканасынын жанынан Чат-Көл айылынын 20 жаштагы тургунунун Деу Рейсер үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкен. Облустук милиция кызматкерлери издөө-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыштын изи сууй электе бул кылмышка шектүү деп Романовка айылынын 25 жаштагы тургунун колго түшүрүшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 172-беренеси (автотранспорт каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.