Милицияга Ысык-Ата районуна караштуу айылдардын биринин 44 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызда анын 15 жаштагы кызын белгисиз бирөө күч колдонуп зордуктап, качып кеткендигин маалымдаган. Чүй ОИИБинин 14-августта билдирген маалыматына караганда, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип Будёновка айылынын 26 жаштагы тургуну кармалган. Шектүү делген адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө жүрүүдө.