КИМ СТИЛДYY?

Модага кыздар эле кызыгат деп ойлосоңуз жаңыласыз. Жигиттер деле мода кууп, окшошсо да, окшошпосо да стилдүү болууга аракет кылышат. Төмөндө сиз көрүп турган ырчы, ди-джей мырзалар дизайнер-стилист Бактыбек Тулпаровдун стиль боюнча сынына кириптер болушту. Бактыбек Тулпаров Менеджмент жана дизайн университетинин искусство жана дизайн факультетинин деканы.

ЧЫҢГЫЗ МЫРЗАЕВ

– Чыңгыз Мырзаев бул сүрөттө айылдан жаңы шаарга келип, жаңыдан стиль боюнча түшүнүк ала баштаган кези окшойт. Бул кийими менен сахнага чыкты деп ойлобойм. Эгер ошондой болсо, чоң катачылык кетирген. Мындай стиль менен коомчулукка бул сүрөттү жарыялоо, ачык эле айтам, болбойт.

Ал эми бул стилине, билбейм, эмне деп айтарымды. Батышта мындай стилди ортомчул адамдын стили деп аташат. Адамды өзүнө тартуу, көңүл бурдуруу максатында колдонулган. Бирок сахнага туура келбейт. Чыңгыз шыңга бойлуу. Бирок пиджак өзүнө 2-3 өлчөм чоң болгондуктан, анын белден жогорку бөлүгү аябай эле кыска көрүнүп калган. Андан да пиджактын атлас кездемеден тигилиши эркектерге ылайыктуу эмес.

Ой, кокуй, бул эмне деген стиль?! Түшүнүксүз, эмне максатта мындай кийинип алганы. Мобул шубасын жөн эле койсо болмок. Өзү деле эмне себептен шуба кийип алганын билбептир. Андан да аскер стилиндеги өтүк менен кошулганда таптакыр эле күзөтчү болуп калган. Тажрыйбалуу стилист менен иштешип көрбөгөнү билинип турат.

ИЛЬЯЗ АБДЫРАЗАКОВ

– Бул ырчынын бою кичинекей, арык. Анысы аз келгенсип, ого бетер моюнун кыскартып неге жоолук байлап алганы түшүнүксүз. Анан да көйнөгүндөгү туурасынан кеткен сызыкча боюн кыска көрсөтүп салган. Көйнөгү өзүнө чоңураак. Жеңи 10 сантиметрдей узун болуп, ийини да түшүп турат. Эгерде ушул эле көйнөктүн жеңин чыканакка чейин түрүп, моюнундагы жоолукту алып, бир-эки топчусун чечип койгондо, бою узунураак көрүнүп, стили оңоло түшмөк.

Бул жерде да аябай чоң ката кетирген. Пиджак кийип эл алдына чыккандан кийин сөзсүз түрдө топчуланышы керек. Үйдө аялы менен отурганда чечип койсо болот. Бирок эл алдына чыкканда жок дегенде бир топчусу топчуланышы керек.

НУРЛАН НАСИП

– Эч түшүнбөдүм, Нурланды ким кийиндирет болду экен? Нурлан кичинекей бойлуу болгондуктан, эч качан бырыштары көп, өңү өчкөн жынсы кийбеши керек. Ого бетер боюн кыска көрсөтүп жатпайбы. Бир өңдүү жынсы кийсе, бут узунураак көрүнөт да. Үстүндөгү кардиганынын топчулары көп болгондуктан, анын белден жогорку бөлүгү узун болуп жакшы жарашкан. Бирок бир аз тар болгондуктан, денесине аябай эле чыпыйып калган. Негизи, мындай кардиган кийгенде үстүңкү же астыңкы топчусун топчулабай койсо жакшы көрүнөт.

Дубал кагаздан тигилген пиджак кийип алганбы? Анысы аз келгенсип, колуна саат, браслет да тагынып алыптыр. Адамдын бою кыска болсо, сүрөтү жок, бир түстөгү кийимдерди кийүүгө тырышышы керек. Болсо да майда сүрөттүүлөрдү тандаганы туура. Бул пиджак Нурланды басып калган десек болот. Мисалы, бир стаканда эки алманын турганын элестетиңиз.

Бул стилинде костюмун салыштырмалуу жакшыраак тандаптыр. Бирок дагы деле түшүнбөйм, эмне себептен калың моюн орогуч ороп алган?

АРСЕН

– Бул ырчынын кийинүү стилин, биздин професcионалдык тил менен айтканда, кэжуал дейбиз. Күнүмдүк, көчөгө кийүүгө ылайыктуу стиль. Мындай стиль менен сахнага чыгууга болбойт. Эгер бул сүрөт коомчулукка жарыялануучу фотосессия болсо, анда ич кийиминин көрүнүп калганы – эң эле одоно нерсе.

Бул стилинде Арсенге узун чач жасалга жарашпаптыр. Андан соң кол кабын баса белгилейт элем. Бул стилине жука кол кап кийсе окшошмок. Жакшынакай стилди калың кол кап менен бузуп койгон. Бул жерде да одоно кемчилиги – ич кийиминин көрүнүп калганы.

МИРБЕК ИМАНБЕКОВ

– Бул ырчынын стилине комментарий бербейм. Муну модага болгон "кылмыш" деп түшүндүрөм. Аябай жалтыраган кийим-кечекти жакшы көрөт экен. Кээ бир ырчылар стилисттер менен иштешпей эле, өздөрүн аябай кыйын сезишет. Ошол себептен минтип өңдөрүн бузуп алып жатышат. Мирбек башынан аягына чейин жакшылап стилин ойлонуп, профессионалдарга кайрылышы керек.

Бактыбек мырза жыйынтыктоо сөзүн "эмки кезекти кыздарга берели, кыздар ыйлашат го" деп аяктады.

(Уландысы кийинки сандарда)

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Биздин "стилдүү" жигиттер
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Rada
2012-08-20 13:45:56
Оа эл адамы болгондон кийин стилдерин караса болмок.
0
antivir
2012-08-20 14:11:00
озу кара-тору киши болгондон кийин, кара кийип эмне кылат? карангыда байкабай бироо сузуп кетсе ким жооп берет? мобу талпайган бабочканы, кичинекей киши тагып алса шерменде го! деп деле сындай берсе сын коп. бул бир тараптуу гана сындаган.
+1
BNA
2012-08-24 09:08:02
antivir, оа туура айтасын , озунун деле кебетесин карасан, айылдан жаны шаарга жаны келип кийинип алган кыштактыктарга окшоп....
0
B.GULNARA
2013-10-26 12:18:56
antivir, he he sonun komment
0
Kantemir
2012-08-20 18:56:41
Эн туура сындаган. Эл ортосунда жургондон кийин жакшы стилистер менен иштеш керек. Бир болсо калгандарына дагы сабак болгондур.
0
mafi
2012-08-20 19:17:44
маскарапоздор
0
ayjasha
2012-08-20 22:03:49
ой боой,чын эле уят кылыптыр гой))чындыгында да ошондой!сонун комментарий бериптир!прямь в точку попал!
0
AFRODITA-89
2012-08-20 22:05:10
Арсен чын эле одоно корунуш жасаптыр кейпи кантет??? Иляздын стили жакшы эле андан башкасын туура эле сындалыптыр!
0
ZarinaSM
2012-08-20 22:07:55
чындыгында М.Иманбековдун кийинуу стили начар!Омарды дагы сындаса болмок....
0
aliia
2012-08-21 04:38:57
ozu kantet??? bashyndagy nerse kantet, a kopologun aytpai ele koyoyun
+2
aayjamalka
2012-08-21 10:22:31
kyzyk boll=dugo ozdoru okup jatyp aiabai jindenishse kerek
0
janet
2012-08-22 00:43:38
Стилист умничка!
0
ayildik_kiz
2012-08-22 12:40:35
Мм озу кандай кийинет болду экен
0
Kroxa
2012-08-22 21:36:00
туптуура сындаган экен.билимдуу стилистер да..
0
fanatka19
2012-08-23 03:15:06
Нурлан насиптин бою кыска эмес 171
0
Kg_boy3239
2012-08-25 14:08:19
амеееееей.......аябай уят кылыптырго.........байкуштар......
0
kanym24
2012-08-26 18:12:07
Skol'ko lyudei stol'ko i mneniy.
0
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан