ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (20-августтан 26-августка) чейин

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада социалдык абалыңызды жакшыртууга шарт түзүлөт. Чоң иштерди аткаруунун алдында адистерден кеңеш суроону унутпаңыз. Болбосо катачылык кетирип, чыгымга учурап калышыңыз мүмкүн. Кандайдыр бир жаман окуяга кириптер болуп калуудан сак болуңуз. Апта соңунда белек алып кубанасыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Активдүүлүгүңүздү көрсөтүп бардык иштерди бүтүрүүгө аракет кылсаңыз, акыбети кайтат. Кыйынчылык менен башталган иштин жыйынтыгы ийгиликтүү, ал эми жеңил башталган иш кыйынчылык менен бүтүшү мүмкүн. Жума күнү капчыгыңыздын кампаюусу күтүлүүдө. Жекшембиде акча иштеринде так болуңуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын биринчи күнү бейтааныш адам менен чогуу болуудан алыс болуңуз. Жаман ишке кириптер болуп калышыңыз мүмкүн. “Бөлүнгөндү бөрү жейт” деген сөздү шейшембиде эсиңизден чыгарбай, көпчүлүк менен бир болуңуз. Шаршембиде көптөн бери бүтпөй келген ишиңизге ийгилик жылмаят. Апта аягында эски тааныштарыңыздан жакшы кабар келиши күтүлүүдө.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дүйшөмбүдө талашып-тартышуудан чыр чыгышы мүмкүн. Андыктан кимдир бирөө менен айтышууну узартуунун кереги жок. Апта ортосунда таасирдүү адамдар менен жолугушуулар күтүлүүдө. Иштериңизди бүтүрүп алууга тырышыңыз. Жума күнү жолуңуз болбойт, андан көрө эс алууга убакыт табыңыз. Жекшембиде алыстагы жакындарыңыз сизди жагымдуу кабары менен кубантышат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Бул аптада душман же атаандаш катары санап жүргөн адамдар менен иштешүүгө туура келет. Инвестиция, кыймылсыз мүлк иштери менен алектенгендердин жолу болуп, капчыгы кампаюуга шарт түзүлөт. Бирок бардык ишке көзөмөл жүргүзүүнү эске алыңыз. Апта соңунда тагдыр буюруп бейтааныш адам ишиңизде ийгилик жаратууга өбөлгө болуп калышы мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жеке жашооңузга өзгөртүү киргизүүгө түрткөн жаңы таанышуу орун алмакчы. Бул аптада бойдоктор көңүлүндөгү адамына кезигүүсү күтүлүүдө. Дүйшөмбүдө кесиптеш же туугандардын жардамына таянсаңыз, ишиңиздин жыйынтыгы көңүлдөгүдөй болот. Шейшемби чыгармачылык менен алектенгендерге ийгилик алып келет. Бейшембиде кандайдыр бир ишке жумшаган аракетиңиз текке кетиши мүмкүн. Ишембиде үй-бүлөдө түшүнбөстүктөр болуп кетиши мүмкүн. Сабырдуу болуңуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бул апта жаңы таанышуулар, күтүлбөгөн окуялар менен коштолмокчу. Эгер эбин тапсаңыз, бүтпөй келген иштерди бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Колдон чыгарбаңыз. Бейшембиде жактырган адамыңыз сиз үчүн кымбат экенин көрсөтүүгө пайда болгон мүмкүнчүлүктү пайдалансаңыз, анын сизге болгон мамилесин бекемдей аласыз. Апта аягында бүтө турган ишти соңуна чыгарыңыз. Жалкоолук кылсаңыз, келерки апта моюнуңузга эки эсе жүк болот.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жетекчилик менен пикир келишпестиктер болушу күтүлүүдө. Мындай учурда азыраак сүйлөп, көп тыңшоо керек. Тапканыңызды жөнсүз колдонуп салуудан качканыңыз оң. Антпесе бирөөдөн карызга акча алууга муктаждык келип чыгышы мүмкүн. Бойдоктордо сүйүү сезимине кабылуу мүмкүнчүлүгү чоң. Нерв системин калыбына келтирүүдө сууда сүзүү, йога менен машыгуу сунушталат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аракет кылсаңыз, акталбай келген кадамдар ишке ашып, пайда табууга мүмкүнчүлүк чоң. Дүйшөмбүдө ишти баштоодон мурда дыкаттык менен эки тарабын карап алып киришсеңиз, жакшы натыйжага ээ болосуз. Шаршембиде жеке жашооңузда майда, бирок маанилүү өзгөрүүлөр орун алат. Жекшембиде ашыкча чыгым болбоюн десеңиз, буюм сатып алууда сапатына көңүл буруңуз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Күтүүсүз иштер чыгып, капчыгыңызды жукартууга туура келет. Бейшембиде бизнес кылууга сунуш түшсө, баш тартпаңыз. Пайда табуунун булагы болмокчу. Жума күнү айрым кызматкерлер кызматтык орундарынан көтөрүлүшү күтүлүүдө. Үй-бүлөңүздүн дубалын уратып албайын десеңиз, азгырык сүйүүдөн качыңыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Кыймылсыз мүлк сатып алууну көздөп жүргөндөр аракет кылса, издегенин табышат. Шаршембиде кандай иш болбосун пайдасы сиз тарапка чечилет. Бейшембиде алыскы сапарга аттанууга даярдана берсеңиз болот. Көңүлүңүздөгү адам менен жакындан сүйлөшүп, көз карашыңар дал келбеген эки башка адам экениңерди түшүнөсүз. Апта соңунда балдарыңызга көңүл бурууну унутпаңыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Кошумча майда иштер жаралып, аптага белгиленген негизги иштерди бүтүрүү кыйынчылыкка турат. Андыктан өзүм бүтүрөм деп көк беттенбей, жакындарыңызга кайрылганыңыз оң. Апта аягында үй-бүлөлүк мамиледеги себептерден улам кескин чечим кабыл аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан