ТАГДЫР ОЮНУ-2

(Башы өткөн сандарда)

Бактылуу үй-бүлө эртең мененки тамакка чогулушту. Жүзүнө кубаныч толкуп турган Алинаны бир тиктеп алып Мариям жылмая берди.
– Сага эмне болду, кызым?
– Силерге жакшы кабарыбыз бар, апа.
– Алина!
– Айтса болбойбу, Азирет?
– Биринчи так билип, анан айтыш керек да.
Жүзү кызара уяла түшкөн Алинаны көрүп Мариям менен Аскар бирин-бири тиктеп жылмайып алышты.
Бегимайдын түшүнө Аскат кирди. Кадимкисиндей эле. Мээримдүү жылмайганы да ошол боюнча. Баш жагына тизе бүгө отуруп, жүзүнөн аяр сылай берди.
– Кыйналдың, ээ, кыйнадым сени... Арты ушундай бүтөрүн билген эмес элем.
– Аскоо...
– Мен сага кайгы гана алып келдим. Кечир...
– Андай эмес, сен мага эч ким бере албаган сүйүү бердиң. Ошондуктан унута албай кыйналып жүрөм. Карачы, жаман кыз болдум. Уулдуу болдум. Туура эмес иш кылдым, Аскат. Бирок боюман алдырганга, бул наристеден кутулганга такыр эрким жетпеди. Алсыздык кылдым. Жаман сөз, жаман көздүн баарын көтөрүп, баламды жарык дүйнөгө алып келгим келди. Сүйүүдөн эмес, каталыктан жаралган болсо да, менин жүрөгүм ушул ишти буюрду. Ушунун баары сен жанымда болгонуңда болбойт эле.
– Жок, бул сүйүүдөн жаралган бала.
– Аскат?!
– Бечарам, сен дагы деле өзүң түшүнө элексиң. Сен Азиретти сүйөрүңдү дагы деле мойнуңа алгың келбейт. Арийне, өлүктүн азабын тарткандан тирүүнүн азабын тарткан оор. Ошондуктан “мен Аскатты сүйөм” деп ойлойсуң. Мен сенин жашооңдон, сенин жүрөгүңдөн Азирет келген күнү эле кеткем. Ошону өзүң түшүнө албадың. Башың айланып, экөөбүздүн ортобузда чайналып калдың. Жаңылыштыктын аркасынан жаңылыштык жибердиң. Эми сага эмне деп кеңеш беришимди билбейм.
– Жок, Аскат, мен сени... мен сени гана сүйөм! Аска-ат!- деп кыйкырып жатып ойгонуп кетти. Өзүнүн кыйкырыгынан жанында жаткан баласы да ойгонуп кетти.
– Чүш, балакай... Мына мен жаныңдамын...
Муун-жүүнү калтыраган Бегимай Аскат азыр эле узап кеткенсип терезени жалт карап алды. Бала дагы деле ыйлай берди. Колуна алып, бөпөнү алдейлеген Бегимай акырын шыбырады.
– Акырын, балам. Мен өзүм чочуп кетип, сени коркутуп албадымбы.
Баланы эмизип, кайра керебетине жаткырган соң Бегимай анын жүзүнө көпкө тигилип отура берди. “Сүйүүдөн жаралган!” Бегимайдын өзүнө да белгисиз болуп мыжыга берген чындык калкып чыга келди. Жок, тагыраагы, ал сезимди өзү мойнуна алгысы келген эмес. Адам сүйүүдөн катуу жабыркаса, кайрадан кимдир бирөөнү сүйүү ал үчүн оор болот. Кайрадан жоготуу азабын тарткысы келбегендиктен, Бегимай Азиретке болгон махабатын учурунда түшүнбөй калган эле. Ал эми түшүнгөндө өтө кеч болуп калды. Эч кимге, ага чейин жолуктурган эч бир жанга окшош эмес эле Азирет. Ошол сапаты менен кыздын жүрөгүнө чок таштаган. Ал чок жалбырттап күйүп, жан дүйнөсүнө тынчтык бербей жүргөнүнө көп болгон. Бегимай азыр гана “эмне кылып койдум? Сени атасыз кылдым, өзүм жакын адамымдан айрылып калдым. Жалгыз калдым. Эмне кылып койдум, балам?!” деп ойлонуп жатты. Көздөрүнөн жаш куюлат...
Ким билет, балким, ушул өксүк менен канча жыл өмүр сүрөт эле. Бирок кайып каскагынан кезиккен Мурат аттуу жигит анын жашоосуна баш бакты. Баш бакканда да алоолонгон жүрөгү менен, ээ-жаа бербеген энергиясы менен, ченемсиз мээрим менен кирди. Тагдырынын бул сыйынан качканга Бегимайда ал жок болчу.
– Мен дагы келдим,- деди босогодо жылмайып турган Мурат. – Бул жолу да үйүңө киргизбей кубалап жибербейсиң деп үмүт кылам.
Бегимай аргасыз күлдү.
– Жок, бүгүн бошмун. Үйгө кирсең болот.
Бөлмөгө кирип келген Мурат керебетинде кас-кас туруп калган, көздөрү капкара балакайды көрүп “тык” токтоду.
– Бул ким?
– Менин уулум! Аты Аскат!
– Уулуң бар экенин айтпадың эле го...
Бегимай шуу үшкүрүп алды.
– Айткым келген эмес. Деги эле өзүм тууралуу көп нерсе айткым келбейт.
Мурат чындыгында мындай нерсени күткөн эмес эле. Эмне дээрин билбей баланы тиктеп, кайра Бегимайды тиктеп туруп калды.
– А атасы ким? Ал кайда?
– Мурат...
– Макул, макул, сага оор болсо эч нерсени айтпай эле кой. Мен чын эле таң калып калдым. Сени али турмушка чыга элек деп ойлогом.
– Турмушка чын эле чыга элекмин, эми деле чыгам деп ойлобойм. Аскат – менин балам. Меники гана! Өзүм үчүн төрөп алдым.
Мурат башын жерге салган боюнча бир топко ойлонуп отуруп калды.
– Сага эмне болду?
– Эч нерсе...
– Сенин сүйүүң ушунча элеби? Баланы көрөрүң менен өңүң башкача болуп кетти. А мен ойлоптурмун...- деди ызалуу күлгөн Бегимай.
– Менин сүйүүм ченемсиз. Мен сени...
– Чүш, антип сүйлөбө.
– Мен баарына даярмын. Мага чейинки жашооңдо оор нерселер көп болгонун байкадым. Аны сурагым келбейт, сураган менен деле сен айтпайсың. Бирок мындан кийинки жашооңду бейишке айланткым келет. Мындан ары эч ким, эч качан сени кыйнабайт.
– Эх, Мурат, менин жашоомду билсең...
– Эгерде сен каалабасаң, ал жашооңду билүүгө кызыкпайм. Экөөбүз тааныш болгонубузга 2 ай гана болду. Ошол убакыттын ичинде мен сени билдим. Балким, байкабагандырсың, бирок экөөбүздө өтө көп окшоштук бар. Мен сен үчүн баарына даярмын. Ал тургай бул балакайдын атасы болгонго да даярмын.
Мураттын жалындаган көздөрүнө карап туруп ага ишенбей коюу мүмкүн эмес эле. Алсыраган, өзү менен өзү күрөшүүдөн чарчаган Бегимай анын төшүнө башын коюп ыктай берди.
– Чарчадым...- деди акырын күбүрөй.
– Билем, эс ал, жаным. Баары бүттү, баары артта калды.
Оо, көптөн бери, Аскат каза болгондон бери Бегимай мынчалык бейпилдикти сезе элек эле. Өзүн, тагдырын кимдир бирөөнүн колуна салып бергендей жеңилдей дем алды. Ал эми керебеттеги наристе болуп жаткан көрүнүшкө көз сала өз тилинде бир нерселерди айтып кубанычтуу чулдурап жатты.

ххх

Азирет жумуштан келери менен ыргып туруп мойнуна жабышуу – Алинанын адаты.
– Ураа, биздин папабыз келди...
– Алиш, өзүңдү кичине карасаң боло. Ичиңди абайла!- деди анын жоругуна күлгөн Мариям.
– Апа, келиниңизди кичине тарбияласаңыз боло, бул кантет?- деп апасына тамаша ыргыта сүйлөдү Азирет.
– Сагынып кетсем не кылайын?..
– Азыр эми, колумду жуюн...
Колуктусунун саамайынан сылаган Азирет бөлмөгө баш бакты. Эки кишилик керебетте өздөрүнүн тоюндагы сүрөттөрү чачылып жаткан экен. Кызыгып бирден карап жаткан Азирет бойлуу, муңайым жылмайган, узун чачтуу бийкечти көргөндө жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй булкуп алды. “Бема!” деди өзүнө биринчи жүрөгү онтоп. Куду өзүн сынагандай, эми кандай айла табасың дегендей тигилип турган экен. “Кайдасың, кайдасың, кайдасың?” деп жатты күбүрөй. “Болуптур, алыстан эле бир жолу карааныңды көрүп алсам”. Азирет ушинтип эле анын жашоосунан алыстап кеткенге таптакыр макул эмес эле. Азыр туруп барып жердин жети катмарына түшүп кетсе да таап, бир аз бооруна кысып тургусу келип кетти. Ушул каалоо баарынан күчтүүлүк кылып жатты.
– Азирет!- деп кирип келе жаткан Алина сүрөттү тиктеп бир нерселерди шыбырап жаткан күйөөсүн көрүп “тык” токтоду.
– Бул эмне, Азирет?
– Булбу? Бул...
Азиреттин колунан шыпырылып жерге түшкөн сүрөттү тиктеп калды. Бул курбусу Бегимайдын сүрөтү эле.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Nevajno
2012-08-20 13:55:15
ооо суйуу махабат....................
0
aliya-leyla
2012-08-21 09:11:38
уффф дагы кутобузбу
0
aayjamalka
2012-08-21 10:07:28
uuuuuuuuuuuuuuuf toluk ele jaza salsa kana ee jurok sygyldygoo begimay mn azirettin birge bolushun kaaalaaaim birge bolso eken aiagy kandai bolor eken eee
0
Sheva
2012-08-21 11:53:05
Бул сериалдын экинчи болугу жакпай калды. Бегимайы Азиретти суйуп калган кылбай эле койсо болмок,башкача эле сенарий кетсе болмок
0
Periwa
2012-08-29 15:45:36
oiiiiiiiiiii okuibuz da bu kyz menimche baaryn ele suio beret okwoit emi tigi Askaty anan Azireti anan Muraty
0
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан