-
Бош отурганда, ойго чөмүлө түшкөндө, бирөөлөр менен сүйлөшүп жатып деле кол тамга, ысым, аты-жөнүнүн башкы тамгаларын жаза берген адамдардын көпчүлүгү өзүмчүл, башка адамдардын маселесине баш ооруткусу келбеген жана келбетине олуттуу мамиле жасагандар болушат.
-
Үй же тиричилик буюмдарын тарткандар тыкан, таза жана өтө чарбачыл келишет. Мындай адамдар үчүн биринчи орунда үй-бүлө, үйдүн ичиндеги жыргалчылык болуп саналат.
-
Гүл, жалбырак, Күн жана булутту тарта берген адамдар табигатынан ак көңүл, боорукер келишет. Мындай адамдар жумшак мүнөзгө ээ. Ар убак бирөөнүн сүйүктүүсү болгусу келген адам.
-
Сулуу жүздү же адамга таандык дене мүчөлөрүн кайталап тартуудан тажабагандар адатта чыгармачылыкка, айрым учурларда көз боочулукка да шыктуу келишет. Тартылган сүрөттө аял кишинин элеси айкын болсо, анда романтикалуу адам экенинен күмөн санабаңыз.
-
Каардуу, коркунучтуу сүрөт тарткандар учурда бир нерсеге жинденип, кыжырланып турганынан белги берет. Мындай сүрөттү тарткан адамга жылуу мамиле жетишсиз.
-
Геометриялык фигураларды (ромб, квадрат ж.б.) көп тарта бергендер акылдуу болушат. Сандарга так жана күчтүү логиканын ээси. Мындай адамдар жетекчиликке жана уюштуруучулукка өтө жөндөмдүү.
-
Көздү көп тарткандар – жоопкерчиликти биринчи орунга койгондор. Ар бир кылган кадамы кылдат жана мурдатан пландалган болот. Эркиндикке муктаж адамдар.
-
Чыр-чатактан оолак жүргөндү каалаган ар тараптуу инсандар көбүнчө спираль түрүндө сызыктарды чийишет. Кызыктуу маектеш боло алат.
-
Жаныбарларды көп тарта бергендердин элестетүүсү жана фантазиясы жогорку деңгээлде өрчүгөн. Эгер жаныбардын жанында мөмө, өсүмдүк болсо, анда бул адамдын оюнан чыкпаган жакыны бар.
-
Жылдызчаларды көп тарткандар оптимист болушат. Кыйын кырдаалда тез чечим кабыл ала алат. Андан тышкары өзүнө көңүл бурдургусу келгендер да жылдызчаларды тартышат.
-
Тегерекчелер адамдын түнт мүнөзүнөн кабар берет. Мындай сүрөттү көп тарткан адамдар башка бирөөлөрдүн анын ишине кийлигишүүсүн жаман көрүшөт. Сырларын ичине сакташат.
-
Жүрөкчөлөрдү чектен ашкан романтик жана эрке адамдар көп тартышат. Адатта мындай сүрөттү сүйгөнү жөнүндө ойго батканда же аны менен телефондон сүйлөшүп жаткан учурда тартышат. Толкунданууну билдирет.
-
Шахмат клеткалары (ак менен каранын алмак-салмак тартылышы) – бир чечимге келе албай, көп кыйналган адамдардын тарткан сүрөтү. Мындай адамдардын башкалар менен тил табышуусу оор.
-
Лабиринттерди тарта бергендер – турмуштан өз ордун таба албай жүргөндөр. Аркалап жаткан иши жан дүйнөсү менен төп келбегендер да ушундай сүрөт тартышы ыктымал. Ар дайым изденүү үстүндө жүрүшөт.
-
Бак-дарактарды көп тарткандар – ачык-айрым адамдар. Эгер жалбырактуу болсо, баарлашуу жетишпей турганын билдирет. Сабагы сынык болсо, турмушта чоң жоготууга учураган.
Тартылган сүрөттөрдү оңдоо аркылуу адамдын ошол кездеги психикасын өзгөртүүгө болот. Бул ыкма арт-терапия деп аталат. Мисалы, сүрөттө көз жаш тартылуу болсо, аны өчүргүчтүн жардамы менен өчүрүп, жылмаюу кошуу менен оор абалда турган адамдын абалын өзгөртө алабыз. Ар бир тартылган сүрөт, түшүрүлгөн тамга көп мааниге ээ. Эгер эч кимге айта албаган сырларыңыз, санааңыз болсо, аны сүрөткө түшүрүп, өрттөп же тытып салуу менен жеңилдеп алууга да болот. Кыялдарыңызды кагазга жазып, сүрөтүн тартып жүрсөңүз, ал сөзсүз аткарыларын да унутпаңыз!