«КАРА БАКС» САТЫП АЛАСЫҢБЫ?

Жакында Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери өзгөчө кылмыштын бетин ачышты. Башкы ролдордо: Африканын кара терилүү жигиттери жана “кара долларлар”.

КАГАЗ ДОЛЛАРГА АЙЛАНЫП...
Баары эмнеден башталган? Бишкек шаарынын 29 жаштагы Сейтек аттуу тургуну июль айынын орто ченинде өз жумуштары менен Араб Эмираттарына барып калат. Ал Дубайда жүргөндө өзүн Авраам Девис деп атаган африкалык жигит менен таанышат. Авраам Сейтекке өзүнүн бизнес-пландарын, Кыргызстанга инвестор болууну каалаганын айтат. Сүйлөшүүлөрдөн кийин экөө чогуу бизнес ачмакчы болушат.
Сейтек Кыргызстанга келгенден кийин жаңы таанышына чакыруу кат жөнөтөт. 25-июль күнү Камерундун Телла Пенембенг аттуу жараны, андан 3 күндөн кийин өзүн Авраам Денис деп тааныштырган Гвинеянын Энтони Зоуманигуи деген жараны учуп келет. 31-июль күнү Энтони Сейтекке бизнес жасоо жолунун сырын ачат. Өздөрүнүн бизнеси элдикинен башкача экенин, кантип тез байыса болорун айтышат. Ишенимдүү болуш үчүн Сейтектен 100 долларлык купюраны алып, анын эки жагына эки кара кагазды коюп, белгисиз бир "сырдуу суюктукту" сүйкөп, бир нече мүнөт күтүп туруп, аларды башка бир суюктукка салышат. Карап турган Сейтектин көз алдында "кереметтүү" окуя болуп өтөт. Кадимки эле кагаздар "сырдуу суюктуктун" таасири астында АКШнын президентинин сүрөтү тартылган 100 долларлык купюраларга айланат.
Ага африкалыктар мындай кагаздардын көп экендигин, бирок доллар “жууш” үчүн суюктук сатып алганга акча керектигин, ал акча берсе, тапкан пайданын жарымын бере тургандарын айтып, убада беришет. Чын эле доллар экенин билүү үчүн ал банктардын бирине “жуулган” долларды өткөрүп көргөндө банк эч тоскоолдуксуз алган. Сейтек кантип 4000 долларын бергенин өзү да билбей калат. Бирок эки күндөн кийин африкалыктардын дайыны жоголуп, телефонго да жооп бербей калышат. Сейтек ошондо гана алданганын түшүнүп, милиция бөлүмүнө келип арыз жазган. Милиция кызматкерлери африкалык жарандар жашаган жерге барышканда алар билеттерин камдап, качып кетүүгө даярданып жатышкан болуп чыккан.

“ДОЛЛАР ЖАСАГАН БИЗНЕС АЧАБЫЗ ДЕШКЕН”

Ленин РИИБинин тергөөчүсү Данияр Балтабаев төмөнкүлөрдү билдирди:

– Бишкек шаарындагы Ленин РИИБине 1983-жылы туулган Сейтек Жусуп уулунан арыз түшкөн. Ал өзүнүн арызында чет өлкөлүк эки адамдын үстүнөн мыйзам чегинде чара көрүү тууралуу суранган. Бул арыздын негизинде Гвинеянын 1976-жылы туулган жараны Энтони Зоуманигуи жана Камерундун 1966-жылы туулган Телла Пенембенг аттуу жараны кармалды. Алардын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, СИЗОго киргизилишкен. Соттук-химиялык экспертиза дайындалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

ДАГЫ ДА АЛДАМЧЫЛАР
Адатта, мындай "ишмердүүлүк" менен африка элинин "акылдуу" уулдары алектенишет. Көбүнчө төмөнкүдөй "жомокту" айтышат. Алдамчылар кагаздын арасына чыныгы акчаны коюп коюшат да, акчанын жасалма эмес экендигин далилдемиш болуп ошол акчаны алып чыгышат. Чыныгы акчага бир суюктук сүйкөп, боёгун кетиришет. Анан мындай "кара миллиондорду" бир нече миң гана долларга сатып алууну сунушташат. Же долларга сүйкөлүүчү "сыйкырдуу суюктукту" сатып алууга көп акча керек экенин, ошону алганга акча берип турса, кийин карызын бир нече эселеп кайрып бере турганын айтышат.
Кыргызстанда мындай окуя биринчи жолу катталып жаткан жок. 2002-жылы эки африкалык ушул эле жол менен Бишкек тургундарын 10 миң долларга сызга отургузуп, из суутушкан. 2011-жылдын январь айында дагы бир африкалык адам Бишкек шаарынын тургунун алдап, "кара долларын" өткөрүүгө аракет кылган. Ал өзүн "Анголадагы оппозиция лидеринин уулу болом" деп тааныштырып, 5 миллион "кара долларды" 8 миң эле еврого айырбаштоону сунуштаган. Анголанын Буела Пауло деген жаранын кармаган учурда анын убактылуу жашаган үйүнөн 1363 даана кара кагаз табылган.
Көпчүлүк учурда адамдардын напсиси ойгонуп, тез байып кеткилери келет эмеспи. Кагаздан акча жасоого мүмкүн эмес экенин, алданарын билип турушса да, тобокелчиликке барышат. Ошондой алдоолорго алдырбаңыздар, “сактыкта кордук жок” дейт эмеспи элибизде.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Кара бакс" сатып аласыңбы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
antivir
2012-08-20 22:44:29
ло. кылып кетишиптир го
0
natu
2012-08-20 23:22:04
еми оздору ло. болуп турушатко
0
Aelina
2012-08-22 12:58:34
kebetelerin, nenoviju. Jazalaryn alyshsyn.
0
niki
2012-08-24 11:08:26
2001 жылы, 2002 жылы мындай корунуштор болсо, алардын аягы эмне болуп буткон? Бул корунуш дагы ушул бойдон жабылып, жашырылып кала берет.
0
meder_9003
2012-08-26 14:57:07
тузук, тузук онолот дегени ушул окшойт. иштегиле ИИМ )))
0
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан